Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Татыр айылдык кеңешинин «Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы 2023-жылдын 21-февралы № 8 Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына, 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын түндүк чыгыш тарабынан, асылдуулугу төмөн жайыт жеринен “Туризимди өнүктүрүү максатында” мамлекеттик менчиктеги 0,20 гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен райондук администрациядан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага:
Ибраим уулу Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.12.2020 · № 12