# Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 107/ХXIХ-28 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 107/ХXIХ-28 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107/ХXIХ-28
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14934/edition/1289604/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 107/ХXIХ-28 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому (02.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178902

---

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кезексиз сессиясы

2023-жылдын 02-октябрындагы № 107/ХXIХ-28

“Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин, “Кыргыз Республкасындыгы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин талкуулап, Логвиненко айылдык кенешинин регламентин жетекчилике алып пикир алмашуу менен:

Логвиненко айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 18-сентябрында кабыл алынган № 106/ХXVIII-28 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.

2. Логвиненко айыл аймагын Люксембург жана Туз айыл аймагы менен бириктирүүгө макулдук берилсин.

3. Логвиненко айыл аймагын Люксембург жана Туз айыл аймагы менен бириктирүүдө “Норус айыл аймагы” деген жаңы аталышы берилсин, Логвиненко айыл өкмөтү жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын административдик борбору болуп бекитилсин.

4. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы

Жонгучкаев К. М.
