1-статья
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 124-статьяда: биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(1) адамдарды сатуу - эксплуатациялоо же болбосо башка пайда та- буу максатында адамды жалдоо, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, алуу, өткөрүп берүү, сатып алуу-сатуу же мажбурлоо, шантаж, алдамчылык, ал- доо, уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган анын макулдугу менен же макул- дугусуз жасалган башка мыйзамсыз бүтүм,- мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; экинчи бөлүктө:
- 3-пункттагы "(кайра-кайра)" деген сөз алып салынсын;
- 8-пункттагы ",-" белгиси ";" белгиси менен алмаштырылсын;
- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) жасалма документтерди пайдалануу менен, ага тете эле жабырла- нуучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу же болбосо жок кылуу менен,- ";
- онунчу абзацтагы "беш" деген сөз "сегиз" деген сөз менен алмаш-
тырылсын; үчүнчү бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(3) ошол эле жосун:
1) трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алуу
максатында;
2) коркутуу же адам өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу зор-
дук-зомбулук колдонуу менен;
3) күнөөлүү адам үчүн кош бойлуулугу белгилүү болгон аялга карата;
4) жашы жетпегенге карата;
5) курал-жарак же болбосо курал-жарак катары пайдаланылган нерсе-
лерди колдонуу менен;
6) көптөгөн адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучтуу ыкма
менен жасалса;
7) байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып
келсе;
8) уюмдашкан топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эскертүү. Адамды кылмыштуу ишке тартуу, сойкулукка же сексуалдык иштин башка түрлөрүнө, мажбурлаган эмгекке же кызмат көрсөтүүлөргө, кулчулукка мажбурлоо, коммерциялык максаттарда асырап алуу (баланы же кызды), куралдуу кагылыштарга пайдалануу эксплуатациялоо катары түшүнүлөт. Адамдарды соодалоонун курмандыгы болуп калган адам, эгерде ал адамдарды соодалоо процессин уюштуруучуларды, аткаруучуларды жана кошо аткаруучуларды табууда жана жазык жоопкерчилигине тартууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, жазык укук бузуусуна жаткан аракеттерди жа- сагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.".
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1789/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>