# Жекенди айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июну № 31 "Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жекенди айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июну № 31 "Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14877/edition/1283498/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жекенди айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июну № 31 "Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу жөнүндө" токтому (16.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178839

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы 2022-жылдын 16-июну № 31

Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу жөнүндө

Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу үчүн 4,39 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө № 145 мыйзамынын жана 2014-жылдын 19-марты № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби” жөнүндө убактылуу жобосунун жана Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 07.07.2022-жылдагы № 01-19/313 билдирүү катын карап жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу үчүн 4,39 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу колдоого алынсын.

2.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына көрүстөн куруу үчүн 4,39 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

3.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.

Төрага

А.Абдукалилов
