# Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-июлундагы № 13/5 "Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылы менен байланыштырып турган Раваттагы көпүрөгө (маркум) Коконбай уулу Калыгулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-июлундагы № 13/5 "Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылы менен байланыштырып турган Раваттагы көпүрөгө (маркум) Коконбай уулу Калыгулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13/5
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14860/edition/1289876/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-июлундагы № 13/5 "Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылы менен байланыштырып турган Раваттагы көпүрөгө (маркум) Коконбай уулу Калыгулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (27.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178821

---

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XIII сессиясынын жыйынынын

2023-жылдын 27-июлундагы № 13/5

Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылы менен байланыштырып турган Раваттагы көпүрөгө (маркум) Коконбай уулу Калыгулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылынын № 7 бөлүмүнүн тургундарынын 2023-жылдын 11 - июлундагы жалпы жыйынынын № 2 протоколун карап чыгып айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылы менен байланыштырып турган Раваттагы көпүрө “Калыгул Ата” көпүрөсү болуп аталсын.

2. Аты коюлган көпүрөнүн аталыштарын жаздырып, майда ремонтторуна жардам берип, өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде демөөрчүлүк иш-аракеттерин жүргүзүү менен көпүрөнүн талаптагыдай абалда келтирүү жагы жакын тууганы Сыдыков Исамаматка милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Кадамбаева
