Ылай-Талаа айылдык кеңешинин «Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылы менен байланыштырып турган Раваттагы көпүрөгө (маркум) Коконбай уулу Калыгулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XIII сессиясынын жыйынынын
2023-жылдын 27-июлундагы № 13/5
Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылы менен байланыштырып турган Раваттагы көпүрөгө (маркум) Коконбай уулу Калыгулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылынын № 7 бөлүмүнүн тургундарынын 2023-жылдын 11 - июлундагы жалпы жыйынынын № 2 протоколун карап чыгып айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылы менен байланыштырып турган Раваттагы көпүрө “Калыгул Ата” көпүрөсү болуп аталсын.
2. Аты коюлган көпүрөнүн аталыштарын жаздырып, майда ремонтторуна жардам берип, өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде демөөрчүлүк иш-аракеттерин жүргүзүү менен көпүрөнүн талаптагыдай абалда келтирүү жагы жакын тууганы Сыдыков Исамаматка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Кадамбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон