# Тамчы айылдык кенешинин 2023-жылдын 02-февралындагы № 7 “Жобо бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Тамчы айылдык кенешинин 2023-жылдын 02-февралындагы № 7 “Жобо бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178790>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14834/edition/1290150/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамчы айылдык кенешинин 2023-жылдын 02-февралындагы № 7 “Жобо бекитүү жөнүндө” токтому (07.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178790

---

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кенешинин кезектеги I сессиясынын

2023-жылдын 02-февралындагы № 7

“Жобо бекитүү жөнүндө”

Тамчы айыл өкмөтүнүн алдындагы Тамчы тазалык муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан “Тамчы айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери” жөнүндө жобону бекитүү тууралуу сунушту депутаттар карап, талкуулап чыккандан кийин, Тамчы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тамчы айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери” жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Комиссия курамына тиешелүү мөөнөт ичинде ишти аныктап, иш алып баруу жагы тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин жер маселеси,айыл чарба ,жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жайыт маселеси, байланыш түйүндөрү, мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин

Төрага:

Э.А.Мамбетов
