Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин “Кызыл-Октябрь айыл аймагында «Ороситель Ак-Тилек» жана “Чоголдок-Талгар” суу пайдануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмарын, суткалык жөнгө салуу бассейинин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жыл 7-августундагы № 81/XXVIV-24
“Кызыл-Октябрь айыл аймагында «Ороситель Ак-Тилек» жана “Чоголдок-Талгар” суу пайдануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмарын, суткалык жөнгө салуу бассейинин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы “Ороситель Ак-Тилек” суу падаланчуулар ассоциациясынын 2023-жылы 10-июлунда №2 зоналдык өкүлдөрүнүн жыйынынын протоколунун, ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана Кашкелен айылынын “Истам” суу чарба курулмаларын, суткалык жөнгө салуу бассейинин, ошондой эле Кызыл-Октябрь айылынын “Чоголдок-Талгар” СПА ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүүсүн карап, талкуулап. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 5-п. 84-беренесин жетекчилике алып;
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысына “Ороситель Ак-Тилек” СПА ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын, “Истам” суу чарба курулмасын суткалык жөнгө салуу бассейинин жана “Чоголдок-Талгар” СПА ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын муниципалык менчикке алынсын .
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Асанов Т.А. жүктөлсүн.
Төрага
Э.М. Кочоров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон