# Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 198/28-8 "Талас шаарынын 2024-2028 - жылдарга карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 198/28-8 "Талас шаарынын 2024-2028 - жылдарга карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198/28-8
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14777/edition/1282516/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 198/28-8 "Талас шаарынын 2024-2028 - жылдарга карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178730

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы 2023-жылдын 5-октябры №198 /28-8 Талас шаарынын 2024-2028 - жылдарга карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 29.09.2023-жылдагы №01-19/2624 чыгыш сандуу катынын негизинде , “Талас шаарынын 2024-2028 -жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү программасын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын 2024-2028-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

Төрага

К.Джаныбеков
