Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаарынын 2024-2028 - жылдарга карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы 2023-жылдын 5-октябры №198 /28-8 Талас шаарынын 2024-2028 - жылдарга карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 29.09.2023-жылдагы №01-19/2624 чыгыш сандуу катынын негизинде , “Талас шаарынын 2024-2028 -жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү программасын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2024-2028-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага
К.Джаныбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.