# Муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдлануусунун түрлөрү (Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрь № 96 токтомуна 3-тиркеме)

- Толук аталышы: Муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдлануусунун түрлөрү (Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрь № 96 токтомуна 3-тиркеме)
- Актынын түрү: Приложение
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/178728/edition/1282554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдлануусунун түрлөрү (Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрь № 96 токтомуна 3-тиркеме) (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178728

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрь № 96 токтомуна 3-тиркеме

Муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдлануусунун түрлөрү

1

Мектеп

Орто - жалпы билим берүүчү мектеп; Окуу-тарбия комплекси; Адистештирилген мектеп (мектеп-интернат); Гимназия; Лицей; Жалпы билим берүүчү мектеп -интернат; Колледж; Лицей; Борбор жана комплекс; Автордук мектеп; Кошумча билим берүү имараты; Коррекциялык мектептер; Автомектептер; Орто кесиптик –техникалык мектеп; Көркөм мектеп; Школа Инновациялык технологиялар мектеби; Өнүгүү тибиндеги мектеп; Тарыхый-маданий мектеп; Мектептер - социалдык-педагогикалык комплекстер; Эксперименталдык мектеп; Билим берүү мекемелери.

2

Бала бакча

Жалпы өнүгүү тибиндеги бала бакча; Балдарды өнүктүрүү борборлору; Ден соолукту чыңдөө тибиндеги бала бакча; Мектепке чейинки топтор.

3

Спорттук комплекс

Спорттук-оюн көрсөтө турган курулмалар (стадиондор, спорт сарайлары, ар түрдүү аянтчалар, велодромдор, автомотодромдор, лыжа жана тоо лыжа стадиондору жана трибуналары, отургучтары, стулдары, токтотуу үчүн орундары бар башка спорттук курулмалар); Окуу-машыгуучу куррулмалар (мектептердин, жогорку жана орто атайын окуу жайлардын спорттук базалары жана жогорку разряддагы спортчуларды даярдоонун окуу машыгуу борборлору, ошондой эле, калак менен айдалуучу, парустук, лыжа, тоо лыжа, санно-бобслейдик, коньки менен чуркоо, ат, шахмат жана шашки спорту үчүн курулмалар); Ден тарбия-ден соолукту чыңдоо курулмалары.

4

Оорукана

Фельдшердик пункттар; Саламаттык сактоо пункттары; Фельдшердик-акушердик пункттар; Жалпы практиканын дарыгерлеринин борборлору; Тез медициналык жардамдын кичистанциялары/станциялары; Амбулаториялар; Бейтапканалар; Травматологиялык пункттар; Ооруканалар; Госпиталдар; Көп профилдүү медициналык борборлор; Медициналык жогорку окуу жайлардын клиникалары; Тар багыттагы медициналык мекемелер (илимий, ооруканалар, клиникалык медициналык илимий изилдөө институттары, жүрөк-кан тамыр хирургиясынын борборлору, күйүк борборлору, травматология жана ортопедия илимий изилдөө институттары, богокко каршы диспансерлер).

5

Автомобилдик транспорттун инфраструктурасы

Автомобиль жолдору, веложолдор жана жөө адамдар өтүүчү жолдор; Автотоктотмолор жана авто коюучу жайлар; Көп ярустуу авто коюучу жайлар; Электр менен заряддоо станциялары; Автомобиль жолдорду, веложолдорду жана жөө адамдар өтүүчү жолдорду тейлөөчү ишканалар; Жарандарды ташууну тейлөөчү ишканалар.

6

Сейилбак

Жаратылыш сейилбагы; Ботаникалык сейилбак; Дендросейилбак; Зоологиялык сейилбак; Токой сейилбагы; Улуттук сейилбак; Маданий жана эс алуу сейилбагы; Көңүл ачуу сейилбагы; Скульптуралардын сейилбагы; Ландшафттык сейилбак; Этно-борборлор.

7

Заводдор, фабрикалар

Жеңил өнөр жай ишканасы; Токой, жыгач иштетүүчү жана целлюлоза-кагаз-өнөр жай ишканасы; Машина куруу жана темир иштетүү ишканасы; Медициналык өнөй-жай ишканасы; Ун-тартуучу-дан жана кошмо тоют өнөр жай ишканасы; Тамак-аш өнөр жай ишканасы; Курулуш темирлердин өнөр жай ишканасы; Айнек жана фарфор-фаянс өнөр жай ишканасы; Отун өнөр жай ишканасы; Химиялык жана мунай зат химиялык өнөр жай ишканасы; Түстүү металлургия ишканасы; Кара металлургия ишканасы; Айыл чарба ишканасы.

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

И.Б. Аденов
