# Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 11 "Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо" боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 11 "Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо" боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178573>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14645/edition/1281782/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 11 "Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо" боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому (02.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178573

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы 2022-жылдын 2-декабры № 11 “Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо” боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүңдө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдагы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап

Кашка-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 11 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы

А.Баатыркулов
