# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 78 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 78 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178558>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14632/edition/1281962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178558.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 78 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178558

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-сентябры № 78 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин 115-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри М.Исаевдин Ош шаарынын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 14-сентябрындагы отурумунун №23 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

1.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 3 - тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 3 - тиркемелерине ылайык редакцияда окулсун;

- 12-пунктундагы “2022-жылдын 1-январынан 100 пайыздан” деген сөздөр “2022-жылдын 1-октябрынан 50 пайыздан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пунктундагы “2022-жылдын 1-январынан 50 пайыздан” деген сөздөр “2022-жылдын 1-октябрынан 15 пайыздан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков
