# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 72 "Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн эски полигонду рекультивациялоого кредит алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 72 "Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн эски полигонду рекультивациялоого кредит алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178552>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14626/edition/1281944/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178552.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 72 "Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн эски полигонду рекультивациялоого кредит алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178552

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-сентябры № 72 Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн эски полигонду рекультивациялоого кредит алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 79-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаевдин Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын замандын талабына жана санитардык эрежелерге ылайык жайгаштыруу үчүн жаңы полигон курууга Европа инвестициялык банкынан 3 млн. евро өлчөмүндө кредит алууга макулдук берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 19-августундагы №19 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн эски полигонду рекультивациялоого Европа инвестициялык банкынан 3 млн. евро өлчөмүндө кредит алууга макулдук берилсин.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков
