# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 70 "Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин чегинбелгилөө жана аларды каттоого алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 70 "Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин чегинбелгилөө жана аларды каттоого алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14624/edition/1281850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 70 "Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин чегинбелгилөө жана аларды каттоого алуу жөнүндө" токтому (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178550

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-сентябры № 70 Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин чегинбелгилөө жана аларды каттоого алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 33,34,40,57-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 7-сентябрындагы №4 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин чектери 1-тиркемеге ылайык белгиленсин, кварталдык комитеттер 2-тиркемедеги тизмеге ылайык каттоого алынсын.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Эркинбаев) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков
