Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин чегинбелгилөө жана аларды каттоого алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 70 Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин чегинбелгилөө жана аларды каттоого алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 33,34,40,57-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 7-сентябрындагы №4 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин чектери 1-тиркемеге ылайык белгиленсин, кварталдык комитеттер 2-тиркемедеги тизмеге ылайык каттоого алынсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Эркинбаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123