# Ош шаардык кеңешинин кезектеги 2022-жылдын 27-сентябры № 66 “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин кезектеги 2022-жылдын 27-сентябры № 66 “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14620/edition/1281562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин кезектеги 2022-жылдын 27-сентябры № 66 “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө" токтому (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178546

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-сентябры № 66

“Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ”Мыйзамынын 33, 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун директору А.Жакыпбаеванын “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы №8 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун директору А.Жакыпбаеванын маалыматы эске алынсын.

2. “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна (А.Жакыпбаева) балдардын чыгармачылык борборунда түрдүү багыттагы ийримдердин санын көбөйтүү, аларга өспүрүмдөрдү тартуу жана кабыл алууну жөнөкөйлөштүрүү, кызыгууларына жараша ийримдерде балдарга жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү, чыгармачылык менен алектенүүгө керектелүүчү буюмдарды, аспаптарды камсыз кылуу боюнча аракеттерди жүргүзүү милдеттендирилсин.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Баетов) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков
