Ош шаардык кеңешинин кезектеги “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 66
“Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ”Мыйзамынын 33, 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун директору А.Жакыпбаеванын “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы №8 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун директору А.Жакыпбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна (А.Жакыпбаева) балдардын чыгармачылык борборунда түрдүү багыттагы ийримдердин санын көбөйтүү, аларга өспүрүмдөрдү тартуу жана кабыл алууну жөнөкөйлөштүрүү, кызыгууларына жараша ийримдерде балдарга жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү, чыгармачылык менен алектенүүгө керектелүүчү буюмдарды, аспаптарды камсыз кылуу боюнча аракеттерди жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Баетов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123