# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 64 "Жапалак жайыт комитети тарабынанаткарылып жаткан иштер, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 64 "Жапалак жайыт комитети тарабынанаткарылып жаткан иштер, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178545>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14619/edition/1281552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178545.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябры № 64 "Жапалак жайыт комитети тарабынанаткарылып жаткан иштер, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178545

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-сентябры № 64 Жапалак жайыт комитети тарабынанаткарылып жаткан иштер, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4 жана 10-беренелерин жетекчиликке алып, Жапалак жайыт комитетинин төрагасы Т.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 8-сентябрындагы №­23 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Жапалак жайыт комитети тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө Жапалак жайыт комитетинин төрагасы Т.Жунусовдун маалыматы эске алынсын.

2. 2022-жыл үчүн Жапалак жайыт комитетинин бюджети №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жапалак жайыт комитетине (Т.Жунусов):

- жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү багытында иш аракеттерди күчөтүү милдеттендирилсин;

- жайыттарды башкарууда жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузууга жол бербөө эскертилсин.

4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков

Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы кезектеги XIII сессиясынын №65 токтомуна 1-тиркеме

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджети

Киреше бөлүгү

Аталыштар

1 баш мал үчүн 1 сезон үчүн жайыт акысы, сом

Саны

Жалпы сумма

Ири мүйүздүү

125

1230

152500

Жаш бодо мал

87,5

214

18725

Майда жандык

25

4950

123750

Жылкы

150

205

30750

Чөп оруу аянты (га)

500

20

10000

Айдоо жерлер (га)

2000

5

10000

Бардыгы

345725

Чыгаша бөлүгү

Салык (2281га х 1,04)

28000

Бухгалтердин эмгек акысы

42000

ЖК эмгек акысы

120000

Кароолчунун эмгек акысы

21000

Соц. Фондго чегерүү (17,25%)

31568

Конц.товарлар

3000

Транспорт чыгымдары

25000

Сапар чыгымдары

5000

Түрдүү чыгымдар

18500

Жайыттарды жакшыртуу чыгымы

50000

Бардыгы

344682

Эскертүү: Жайытка мал жаюу сезону 90 күндөн 150 күнгө чейин деп табылсын. Жапалак ЖКнын бюджети жайыт акысын чогултулган каражаттардын эсебинен түзүлөт. Жайыт акысын өндүрүү үчүн малдын башын эсепке алуу элдин малын баккан жана жайытка чыккан чабандардын малынын башы боюнча жүргүзүлөт.

Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Э. Абдыраимов
