# Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июнундагы № 24/1 "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү" жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июнундагы № 24/1 "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү" жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/1
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178515>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14591/edition/1281434/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июнундагы № 24/1 "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү" жөнүндө" токтому (26.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178515

---

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы 2023-жылдын 26-июну № 24/1 “Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябры №123 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» 2011-жылдын 14-июлу №98 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» 2000-жылдын 13-январы №3 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлу №241мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» 2009-жылдын 20-февралындагы №57 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгына ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. “Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин.

2. “Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Кочкор району, Кум-Дөбө айылы, О.Алиев көчөсү, № 81 болуп аныкталсын.

3. “Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолор киргизүү жөнүндө” токтомунда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердин аныктыгы мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Төрага

М.Чолпонкулов
