Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 109
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү 2022-жылдын 18-ноябрындагы №97 токтомунун 1- жана 3-тиркемелеринин жана 2022-жылдын 15-декабрындагы №102 токтомунун 3-тиркемесинин жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.3 жана 8.10. пункттарынын негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Манап кызы Айжан чыгарылсын жана анын ордуна, бул комиссиянын курамына, жаңы депутаттык мандат алган, ушул эле депутаттык фракциянын мүчөсү Пазылова Жаркынай Кайрыллаевна киргизилсин.
1.2. Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Абдыкадырова Ракия Кимсанбаевна киргизилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага
С.С. Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы № 4 "Ош шаардык кеңеш инин Регламентин бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 30.05.2016 · № 4 · Күчүн жоготкон