# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Ынтымак" жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Ынтымак" жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14587/edition/1281564/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178506.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Ынтымак" жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (14.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178506

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-декабры № 105 “Ынтымак” жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 40-беренелери жана Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктун жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 33, 34, 35, 36-главаларын жетекчиликке алып, “Ынтымак” жамаатынын төрагасы К.Оморовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 13-декабрындагы №14 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

1. “Ынтымак” жамаатынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.

Төрага

С.С. Назылбеков
