# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 104 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” жоболорду бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 104 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” жоболорду бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178504>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14586/edition/1292180/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178504.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 104 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” жоболорду бекитүү жөнүндө токтому (14.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178504

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-декабры № 104 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” жоболорду бекитүү жөнүндө (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы С.Төрөбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 16-декабрындагы №20 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” жоболору тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жана муниципалдык мекеме-ишканаларындагы эскилиги жеткен, жараксыз автоунааларды эсептен чыгаруу боюнча Жоболорго ылайык иш алып баруу милдеттендирилсин

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.

Төрагасы

С.С. Назылбеков
