# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 100 "Ош шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 100 "Ош шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14584/edition/1281272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 100 "Ош шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (27.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178502

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-декабры № 100 Ош шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Адановдун Ош шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №34 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

1. Ош шаарынын аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы ишке киргизилсин.

2. Мүлк салыгын тескөө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылсын.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Төрага

С.С. Назылбеков
