Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндо макулдашуу (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген).
КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-октябрындагы № 575
токтому менен бекитилди
Анкара шаары
2008-жылдын 9-июлу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү
мурунку достук байланыштарга таянып,
2000-жылдын 15-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү, илим жана
техника жаатында аскердик кызматташтык жөнүндө келишимге жана 1993-жыл-
дын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республика-
сынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү боюнча кызматташуу
жөнүндө келишимге шилтеме жасап,
аскердик кызматташтыкты терењдетүү жана Кыргыз Республикасынын Ку-
ралдуу Күчтөрүн реформалоого көмөк көрсөтүү максатында, төмөнкүлөр
жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө АКШ доллары эквивалентинде 1312425 (бир милли-
он үч жүз он эки мињ төрт жүз жыйырма беш) түрк лири өлчөмүндө грант
бөлүп берет. Бул грантты өздөштүрүү 2008-жылдан башталат.
2-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында бул гранттын АКШ доллары эквивалентин-
деги 1211250 (бир миллион эки жүз он бир мињ эки жүз элүү) түрк лири
материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө берилет, ал эми АКШ доллары
эквивалентиндеги 101175 (жүз бир мињ жүз жетимиш беш түрк лири Түркия
Республикасынын мыйзамдарына ылайык накталай акча каражаттары түрүндө
берилет.
3-берене.
АКШ доллары эквивалентиндеги 1312425 (бир миллион үч жүз он эки
мињ төрт жүз мињ жыйырма беш) түрк лири финансылык жардам берүү жөнүндө
жана материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протоколдорго ылайык
бөлүнөт, аларга ушул Макулдашууга шилтеме жасоо менен эки өлкүнүн ыйга-
рым укуктуу адамдары ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ал-
дын ала макулдугу жок башка өлкөгө же үчүнчү тарапка материалдык караж-
жаттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аларды пайдалануу уку-
гун бербөөгө милдеттенет.
5-берене.
Бул Макулдашуу Тараптар тарабынан ички мамлекеттик жол-жоболору
аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндө билдирүү күндөн баштап
күчүнө кирет.
Макулдашууну кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-
нистрлиги түрк тарабынан - Түркия Республикасынын Генералдык штабы ат-
карат.
Бул Макулдашууну аткаруу боюнча баардык талаш маселелер түз
сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
2008-жылдын 9-июлунда Анкара шаарында эки түп нускада, ар бири
кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү жана баардык тексттер
бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптар
англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Мамбетжунус Абылов Алпаслан Ердоган
Кыргыз Республикасынын генерал-майор, Түркия
Түркия Республикасындагы Республикасынын Генералдык
Атайын жана толук штабынын Коргоону пландоо
ыйгарым укуктуу Элчиси жана ресурстарды башкаруу
департаментинин башчысы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому2008-жылдын 13-октябры №575 " Анкара шаарында 2008-жылдын 9-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия…Постановление · 13.10.2008 · № 575
- Договор между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Турецкой Республики о военном сотрудничестве в области образования, науки и техникиДоговор · 15.06.2000