# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 101 "Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 101 "Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178484>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14569/edition/1281284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178484.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 101 "Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө" токтому (27.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178484

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 27-декабры № 101

Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын вице-мэри Ж.Азимовдун Кыргыз Республикасынын футбол федерациясына Ош шаарында футбол Академиясын куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнүн №1, №3 жана С.Супаналиев көчөсүнүн даректеринде жайгашкан жалпы 6681,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык ижара акысынан жана Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №18 “А” үйүнүн жер төлөсүн муниципалдык ижара акысынан бошотууга макулдук берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 12-декабрындагы № 38 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын футбол федерациясына Ош шаарында футбол Академиясын куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнүн № 3 дарегинде жайгашкан аянты 3000,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык ижара акысынан 5 жылдык мөөнөткө бошотууга макулдук берилсин жана 5 жылдык мөөнөт бүткөндөн кийин аталган курулуш Ош шаарынын муниципалдык менчигине алынсын.

2. Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн № 18 “А” үйүнүн жер төлөсүн муниципалдык ижара акысынан 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрга чейинки мөөнөткө бошотууга макулдук берилсин.

3. Ош шаарынын мэриясына, Сай-Бою жана С.Супаналиев көчөлөрүндө жайгашкан 3681,0 чарчы метр жер тилкесине спорт жатак-мектебин куруу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын бүтүрүү жагы тапшырылсын.

4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы

С.С. Назылбеков
