Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик арналыштагы продукция чыгарууга катышкан ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Москва шаары
2008-жылдын 13-февралы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Аскердик арналыштагы продукция чыгарууга катышкан
ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн
өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Россия Федерациясынын Өкмөтү калыптанган өндүрүштүк жана илимий-тех-
никалык кооперациянын базасында аскердик арналыштагы продукция жасоо
тармагындагы кызматташтыкты сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгын моюнга
алышып, Тараптардын мамлекеттеринин өнөр жайдын коргонуу тармактарынын
интеграциясын узак мөөнөттүү негизде өнүктүрүүгө болгон өз ара умтулуу-
га таянышып, 1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө
келишимдин жана 1993-жылдын 24-сентябрындагы Экономикалык союз түзүү
жөнүндө келишимдин, 2000-жылдын 10-октябрындагы Евразиялык экономикалык
шериктештик түзүү жөнүндө келишимдин жоболорун эске алышып, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
1994-жылдын 18-январындагы Өнөр жайдын коргонуу тармактарындагы ишкана-
лардын өндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперациясы жөнүндө макулда-
шууну өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин куралдарды жана аскердик тех-
никаны иштеп чыгууга, жасоого жана сыноого катышуучу ишканаларынын жана
уюмдарынын калыптанган өндүрүштүк жана илимий-техникалык адистешүүлөрүн
сактоого, аскердик арналыштагы кызматтарды көрсөтүүгө жана ал үчүн ке-
ректүү материалдарды, чала фабрикаттарды, комплектөөчү буюмдарды, окуу-
лук жана көмөкчү мүлктү ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсеп-
телүүчү N 1 и N 2 тиркемелерге ылайык берүүгө көмөктөшүшөт.
Бул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу иш-чараларды аткарууну
Тараптар төмөнкү ыйгарым укуктуу органдарга тапшырышат:
Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана
отун ресурстары министрлигине;
Россия тараптан - Россия Федерациясынын Өнөр жай жана энергетика
министрлиги жана Россия Федерациясынын Өнөр жай боюнча федералдык
агенттигине.
Ыйгарым укуктуу органдардын расмий аталышы өзгөргөн же алмаштырыл-
ган учурда Тараптар ал жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркы-
луу дароо кабарлашат.
2-статья.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун N 1, N 2
тиркемелеринде көрсөтүлгөн ишканаларынын жана уюмдарынын уюштуруу-укук-
тук формалары жана менчигинин формасы өзгөрүү мүмкүндүгүнө карабастан
алардын адистешүүсү ушул Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү ичинде сак-
талышына көмөк көрсөтүшөт.
3-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун N 1, N 2 тиркемеле-
ринде көрсөтүлгөн ишканалары жана уюмдары чыгаруучу аскердик арналышта-
гы продукцияны өндүрүштөн алып салуунун тартибин жана мөөнөтүн аныктоо
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын ый-
гарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча ишке ашырылат.
4-статья.
Аскердик арналыштагы продукция чыгаруу үчүн керектүү материалдар-
ды, чала фабрикаттарды, комплектөөчү буюмдарды, окуулук жана көмөкчү
мүлктү берүү, технологиялык жана илимий-техникалык мүнөздөгү кызматтар-
ды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 18-январындагы Өнөр жайдын коргонуу
тармактарындагы ишканалардын өндүрүштүк жана илимий-техникалык коопера-
циясы жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер
субъекттери тарабынан түзүлгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде
ишке ашырылат.
5-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун N 1 жана N 2 тирке-
мелеринде көрсөтүлгөн ишканаларынын жана уюмдарынын ушул тиркемелерде
каралган аскердик арналыштагы продукцияны биргелешип иштеп чыгууга жана
жасоого катышуусу жөнүндө чечим Тараптардын мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынат.
6-статья.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Россия Федераци-
ясынын Коргоо министрлигинин Тараптардын мамлекеттеринин коргонуу-өнөр
жай комплексинин ишканаларында жана уюмдарында аракеттенүүчү
өкүлчүлүктөрү ал ишканаларда жана уюмдарда берилүүчү аскердик арналыш-
тагы продукцияны келишимдик негизде белгиленген тартипте кабыл алышат.
7-статья.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында алынган материалдарды, чала
фабрикаттарды, комплектөөчү буюмдарды, документтерди жана маалыматтарды
берүүчү Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу болмоюнча үчүнчү
тарапка, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана I юридикалык жактарга жана
эл аралык уюмдарга сатышпайт же беришпейт.
8-статья.
Тараптар аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгууга, өндүрүү-
гө, сыноого жана сервистик коштоого, аскердик арналыштагы кызматтарды
көрсөтүүгө тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды биргелешкен жумуш-
тарды аткаруу үчүн зарыл көлөмдө, өз мамлекетинин мыйзамдарына, ошондой
эле Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдерге
ылайык алмашышат.
9-статья.
Тараптар бири бирине беришкен же ушул Макулдашуунун алкагында кыз-
матташуу процессинде жаратылган интеллектуалдык эмгектин натыйжаларын
пайдалануунун жана коргоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2005-жылдын 5-сентябрын-
дагы эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө интел-
лектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйынтыктарына ка-
рата укуктарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.
10-статья.
Зарыл болсо Тараптардын өз ара макулдугу менен бул Макулдашууга
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс
бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашу-
унун 12-статьясында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
11-статья.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаштар же
кайчы пикирлер пайда болсо Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары аларды
консультация жана сүйлөшүү жолу менен чечишет.
Эгер Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары талаштарды жайгара
алышпаса, алар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун N 1 жана N 2 тирке-
мелеринде көрсөтүлгөн ишканаларынын жана уюмдарынын ортосунда аскердик
арналыштагы продукцияны чыгаруу үчүн керектүү материалдарды, чала фаб-
рикаттарды, комплектөөчү буюмдарды, окуулук жана көмөкчү мүлктү өз ара
беришүүгө байланыштуу чыгышы мүмкүн болгон талаш маселелердин баары Та-
раптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттери түзүшкөн келишимдерде
(контракттарда) каралган шарттарда чечилет.
12-статья.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жана
Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жобо-
лорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган
күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жыл бою жарактуу болот жана эгер Тараптардын эч
бири анын жарактуулугун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка тийиштүү
мезгил бүтөөрдөн алты айдан кеч эмес жазуу жүзүндө кабарлабаса кийинки
беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет.
Эгер Тараптар башкача макулдашпаса, бул Макулдашуунун жарактуулу-
гунун токтотулушу Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттери ушул
Макулдашуу жарактуу кезде кол коюшкан келишимдерине (контракттарына)
жараша кабыл алышкан милдеттенмелерине таасир этпейт.
2008-жылдын 13-февраль айында Москва шаарында ар бири кыргыз жана
орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана эки текст тењ бирдей
күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик
арналыштагы продукция чыгарууга
катышкан ишканалардын жана
уюмдардын адистешүүсүн сактоо
жөнүндө макулдашууга
N 1 тиркеме
Россия Федерациясынын коргонуу өнөр жайынын
кызыкчылыгы үчүн адистешүүсүн сактоо зарыл болгон
Кыргыз Республикасынын ишканаларынын жана уюмдарынын
ТИЗМЕСИ
| Адистешүүсү, аскердик | |
| арналыштагы продукциянын түрү | |
| "Айнур" акционердик коому, | Электротехника өнөр жайынын буюмдары |
| Бишкек шаары | (туташтыргычтар, ажыраткычтар, |
| трансформаторлор) | |
| "Нур" акционердик коому, | ШП жана РП15 тибиндеги электрдик |
| Жалалабат шаары, | туташтыргычтар |
| Жалалабат облусу | |
| "Дастан" трансулуттук | Дењиздик суу астындагы куралдын |
| корпорациясы" ачык акционердик | сериялык түрлөрүнүн курамдык |
| коому, Бишкек шаары | бөлүктөрү |
| "Майлуу-Суу электр лампа | Атайын электр лампалар |
| ачык акционердик коому, | |
| Майлуу-Суу шаары | |
| "Озеро" биргелешкен ишканасы" | Дењиздик суу астындагы куралдын |
| жоопкерчилиги чектелген коом, | тажрыйбалык жана сериялык түрлөрүн |
| Каракол шаары, Ысык-Көл облусу | сыноо |
| "Бишкек машина куруу заводу" | Ротордук автоматтык линиялар |
| ачык акционердик коому, | |
| Бишкек шаары | |
| "Бишкек штамптоо заводу" | Атуучу куралга ок-дарылар |
| мамлекеттик ишканасы, | |
| Бишкек шаары | |
| "Полигон" жабык акционердик | Дењиздик суу астындагы куралдын |
| коому, Каракол шаары, | тажрыйбалык жана сериялык түрлөрүн |
| Ысык-Көл облусу | сыноо |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик
арналыштагы продукция чыгарууга
катышкан ишканалардын жана
уюмдардын адистешүүсүн сактоо
жөнүндө макулдашууга
N 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын коргонуу өнөр жайынын
кызыкчылыгы үчүн адистешүүсүн сактоо зарыл болгон
Россия Федерациясынын ишканаларынын жана уюмдарынын
ТИЗМЕСИ
| Адистешүүсү, аскердик | ||
| арналыштагы продукциянын түрү | ||
| "Завод "Двигателъ" ачык | Дењиздик суу астындагы куралдын | |
| Акционердик коому, | тутумдарын жана комплекстерин жасоо, | |
| Санкт-Петербург шаары | гарантиялык жана сервистик тейлөө, | |
| модернизациялоо, ремонттоо жана | ||
| утилдештирүү | ||
| "Концерн "Морское подводное | Дењиздик суу астындагы куралдын | |
| оружие - Гидроприбор" ачык | тутумдарын жана комплекстерин | |
| акционердик коому, | иштеп чыгуу жана модернизациялоо | |
| Санкт-Петербург шаары | ||
| "Государственное научно- | Дењиздик суу астындагы куралдын | |
| производственное предприятие | үлгүлөрүн иштеп чыгуу жана | |
| модернизациялоо | ||
| "Регион" ачык акционердик | ||
| коому, Москва шаары | I | |
| "Муромский приборостроительный | Демилге берүү каражаттары, | |
| завод" федералдык мамлекеттик | КВ-16, КВ-24, КВ-26, КВ-27 | |
| унитардык ишканасы, Муром | капсулалык втулкалар | |
| шаары, Владимир облусу | ||
| "Производственное объединение | ССНФ 30 продукт | |
| Красноярский химический | ||
| комбинат "Енисей" федералдык | ||
| мамлекеттик унитардык ишканасы, | ||
| Красноярск шаары | I | |
| "Казанский государственный | "Жевело", "Низа", КВ-24 тибиндеги | |
| казенный пороховый завод" | буюмдар, ВТ, ВУФЛ, СУНАР | |
| федералдык казыналык ишканасы, | продуктулары | |
| Казань шаары | ||
| "Новосибирский механический | Атуучу куралдын патрондору үчүн | |
| завод "Искра" федералдык | капсулалар | |
| мамлекеттик унитардык ишканасы, | ||
| Новосибирск шаары | ||
| "Ульяновский патронный завод" | Крешер мамычалар | |
| ачык акционердик коому, | ||
| Ульяновск шаары | ||
| "Нытва" ачык акционердик коому, | Биметалл N 1, N 3, 18 ЮА тасма | |
| Нытва шаары, Пермь крайы | ||
| "Центральный научно- | Атуучу куралга жањы | |
| исследовательский институт | ок-дарыларды иштеп чыгуу | |
| точного машиностроения" | ||
| федералдык мамлекеттик | ||
| унитардык ишканасы, Климовск | ||
| шаары, Москва облусу |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Договор о коллективной безопасности (Ратифицирован постановлением Жогорку Кенеша КР от 18 декабря 1992 года № 1113-XII)Договор · 15.05.1992
- Договор о создании Экономического союза ( Ратифицирован постановлением Жогорку Кенеша КР от 18 декабря 1993 года № 1347-XII)Договор · 24.09.1993
- Договор о ратификации Договора об учреждении Евразийского экономического сообществаДоговор · 10.10.2000
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.