Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 20-июлундагы №01-19/819 сандуу катын кароо жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 4-августу № 18-4
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 20-июлундагы №01-19/819 сандуу катын кароо жөнүндө
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинине айыл өкмөт башчысы тарабынан 2023-жылдын 20-июлундагы №01-19/819 сандуу каты берилген. Жогорудагы катта Кыргыз Республикасынын “Кыргыз мерген балыкчылар” союзунун Ош-Баткен облустарынын мергенчилер жана балыкчылар ыктыярдуу коомунун №17 кайрылуусунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №290 токтомунун негизинде, жарандарга мергенчилик ок атуучу куралдарды сатып алууга, сактоого жана алып жүрүүгө уруксат бергендигин ишке ашыруу боюнча, аларды окутуп-үйрөтүү үчүн, жайытка жараксыз болгон жайыт жеринен 2,0га жер аянтын бөлүп берүүнү суранган. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комитети бул маселени отурумунда карап талкуулап, макулдук беришти. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңешинин туруктуу комитетинин отурумунун протоколуна таянып, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 7-чакырылыш депутаттарынын 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 20-июлундагы №819 сандуу сунуш катын караган А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 7-чакырылыш депутаттарынын мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комитетинин 2023-жылдын 1-августундагы №5 протоклу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз мерген балыкчылар” союзунун Ош-Баткен облустарынын мергенчилер жана балыкчылар ыктыярдуу коомунун №17 кайрылуусунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №290 токтомунун негизинде, жарандарга мергенчилик ок атуучу куралдарды сатып алууга, сактоого жана алып жүрүүгө уруксат бергендигин ишке ашыруу боюнча, аларды окутуп-үйрөтүү үчүн, жайытка жараксыз болгон жайыт жеринен 2,0га жер аянтын ажыратып берүү үчүн Кыргыз Респуббликасынын “Жер кодексинин” 1-глава 1-беренесинин 20-бөлүмчөсүнүн жана 4-беренесинин 3-бөлүмчөсүнө таянып макулдук берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөт башчысы М.Нурматов жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматчылары тарабынан мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комитетине жүктөтүлсүн
Төраганын м.а:
А.Ашиева.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.