# А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-1 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Аликулов Мухаммадюсуфдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-1 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Аликулов Мухаммадюсуфдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17-1
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2023
- Редакциянын күнү: 09.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14472/edition/1278952/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-1 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Аликулов Мухаммадюсуфдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому (09.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178374

---

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 9-июну № 17-1

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Аликулов Мухаммадюсуфдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан, идентификациялык коду;5-05-14-1001-0943 болгон, 2022-жылдын 5-майындагы № 477сан менен катталган «Кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу» келишиминин негизинде алган, Ч№ 967208 сандуу Мамлекеттик Акты берилген жер участкасынын ээси Аликулов Мухаммадюсуф Абдухаликович арыз менен кайрылып, 1400,0 ч.м жер участкасынын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин сессиясында карап, максаттык багытын курулуш материалдарын сатуучу дүкөн кылып өзгөртүп берүүнү суранган. Бардык ыйгарым укуктуу органдардан корутундулар алынгандыгын билдирип, азыркы күндө айылдык кеңештин токтомун күтүп жаткандыгын билдирип кайрылган.

Жогорудагы арыздын талаптарын мыйзамдуу түрдө карап чечип берүү үчүн айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комитетинин кароосуна киргизген.

А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул Аликулов Мухаммадюсуфтун арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин» 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптарына таянып, Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2023- жылдын 11-майындагы № 95/23 сандуу корутундусун талаптарын жетекчиликке алып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

Токтом кылат:

1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул Аликулов Мухаммадюсуфтун 2023-жылдын 24-майындагы арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптары, Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2023-жылдын 11-майындагы № 95/23 сандуу корутундусунун талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан, Ч № 967208 сандуу Мамлекеттик Акты берилген, идентификациялык коду;5-05-14-1001-0943 болгон, 2022-жылдын 5-майындагы №477 сан менен катталган «кыймылсыз сатуу-сатып алуу» келишиминин негизинде атуул Аликулов Мухаммадюсуфга тиешелүү болгон жер участкасынын пайдалануу багыты курулуш материалдарды сатуучу дүкөн кылып өзгөртүлсүн.

3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Араповдорго тапшырылсын.

5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын м.а:

А.Ашиева
