# Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 137 "Бала бакчаны кайтарып алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 137 "Бала бакчаны кайтарып алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14419/edition/1278590/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 137 "Бала бакчаны кайтарып алуу жөнүндө" токтому (27.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178315

---

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы 2022-жылдын 27-декабры № 137 Бала бакчаны кайтарып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” мыйзамынын 47 беренесине ылайык, социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдалдар министирлигине бала бакчанын ордуна, өрт өчүүрүчү кызматынын авариялык абалдагы, тонолуп, талкаланып бош жаткан имаратынын ордун берүү сунушталсын.

2.Бул маселе боюнча чечкиндүү кадамдарга барып иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Кыдыевге милдеттендирилсин.

3.Айылдык кеңешинин социалдык комитети тиешелүү адистер менен бала бакча куруу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Айылдык кеңештин төрайымы

Г. Чыныбаева
