# Нарын шаардык кеңешинин 2023-жылдын 29-августундагы № 3 "Нарын дарыясынын жана Нарын каналынын аймагына тиешелүү суу коргоо тилкелерин бекиткен Нарын шаардык кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2023-жылдын 29-августундагы № 3 "Нарын дарыясынын жана Нарын каналынын аймагына тиешелүү суу коргоо тилкелерин бекиткен Нарын шаардык кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14397/edition/1278460/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2023-жылдын 29-августундагы № 3 "Нарын дарыясынын жана Нарын каналынын аймагына тиешелүү суу коргоо тилкелерин бекиткен Нарын шаардык кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (29.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178293

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги ХХIV сессиясы 2023-жылдын 29-августу № 3 Нарын дарыясынын жана Нарын каналынын аймагына тиешелүү суу коргоо тилкелерин бекиткен Нарын шаардык кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө Мыйзамынын 49-50-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №275 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын сууну коргоочу зоналар жана суу обьектилеринин коргоо тилкелери тууралуу” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын 3-майындагы №111-п буйругуна, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын 2023-жылдын 16-августундагы №01-1 /868чи жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттарынын негизинде, Нарын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Нарын шаардык кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтому менен бекитилген Нарын дарыясынын суу коргоо тилкеси үчүн 100 метр, Шаркыратма суусунун куйган жеринде 50 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 27 метр аралыктары, учурдагы бекитилген реестрине ылайык, суу коргоо тилкеси Нарын дарыясы үчүн 20метр, Шаркыратма суунунун куйган жеринде 20 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 20метр деп өзгөртүлүп, Нарын шаарынын РТС чөлкөмүнө ЕББРдин “Таза суу жана канализация тутумдарын жаңыртып салуу” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу максатында насостук станция (КНС) куруу үчүн Нрын шаарынын А.Жусупов -23/а (ИНН4-08-01-0001-0483) дарегиндеги жер аянтынан 400 чарчы метр (20мx20м) жер тилкеси бөлүнүп берилсин,- деген сүйлөм менен толукталсын.

2. Жерди пайдаланууда жана курулуш курууда экологиялык, экономикалык, социалдык жана башка факторлорду эске алуу менен жер тилкесинин ордун так чектеп, мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына, Нарын суу-канал ишканасына, Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

А.Молдосалиев
