Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясынын Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги ХХIV сессиясы 2023-жылдын 29-августу № 4 Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясынын Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтому менен Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобосуна, Кыргыз Республикасыныи Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарына, Нарын шаардык кеңешинин регламентине ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын 2023-жылдын 12-июлундагы № 01-17/2355 катынын негизинде Нарын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясынын Жобосу жана комиссиясынын курамы 1-2- тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Укук бузуулар боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы өз ишмердүүлүүгүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иш жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Бекитилген Жобосунун негизинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына, түзүлгөн комиссясынын курамына жүктөлсүн жана аткарууга алсын.
Төрага
А.Молдосалиев
2-тиркеме
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясынын курамы
1 -Нарын шаардык мэринин биринчи орун басары (комиссиянын төрагасы) 2 -Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы (комиссиянын төрагасынын орун басары) 3 -Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси (комиссиянын катчысы) 4 -Нарын шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу менен) 5 -Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси. 6 -Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын директору. 7 -Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси. 8 -Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин кызмат боюнча орун басары. 9 -Мамлекеттик коррупцияга каршы жогорку элдик көзөмөл коомдук бирикмесинин Нарын облусу боюнча координатору.
Жоопту катчы:
А.Абдыкеримов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.