Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Жумгал өнүгүү» Муниципалдык ишканасынын (Жумгал айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомуна ылайык) уставы
Жумгал айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясынын №6-1 токтому менен бекитилди
“Жумгал өнүгүү” Муниципалдык ишканасынын УСТАВЫ
Жумгал айылы 2023-жыл.
Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекстин 86-беренесинин негизинде иштелип чыгып, “Жумгал өнүгүү» муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун ,анын жалпы жобосун,структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин,негизги максаттарын,функцияларын,укук-милдеттерин,жоопкерчилигин,башка уюмдар менен байланышын,кайрадан түзү жана жоюулуу тартибин аныктайт.
1.жалпы жоболор
«Жумгал өнүгүү» муниципалдык ишканасы ,мындан ары- Муниципалдык ишкана анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшурүлгөн,мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөрү,башка мөөрлорү,штамптары белгиленген үлгудөгү бланктары,өздүк эсепке,эсептик жана башка эсептерге ээ болот жана сот бийлигинде доочу жана жооптуу болуп чыга алат.
Муниципалдык ишкананын уюштуруучусу:
1.Жумгал айыл өкмөтү «Жумгал өнүгүү» муниципалдык ишканасы уюштурулсун,юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Нарын облусу,Жумгал району,Жумгал айылы,Б.Асанова к.№11
Муниципалдык ишкананын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Жумгал өнүгүү» муниципалдык ишканасы Расмий тилде : Муниципальное предприятие «Жумгал өнүгүү» Муниципалдык ишкананын кыскартылган аталышы: Мамлекеттик тилде: «Жумгал өнүгүү» МИ Расмий тилде: МП «Жумгал онугуу» Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Нарын облусу,Жумгал району,Жумгал айылы,Б.Асанова к.№11
Муниципалдык ишкана өүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына,Кыргыз Респбуликасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарына,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык кеңештин токтомдоруна,Жумгал айыл өкмөтүнүн буйруктарына жана ушул Уставка ылайык жүргүзөт.
2. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ
2.1. Муниципалдык ишкананын негизги максаты:
- Муниципалдык заказдарды ишке ашыруу,Жумгал айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын калкына коммуналдык тейлөө кызматтарын көрсөтүү максатында томөндөгү жумуштардын түрлөрүн аткарат.
- Жумгал өкмөтүнүн аймагындагы элди таза суу менен камсыз кылуу жана буга чейинки СООПВ милдетин толугу менен жоопкерчиликке алат,СПАнын ишин толугу менен милдетин алат,эс алуу багы,коомдук аянттарды,тротуарларды,жолдорду,ирригациялдык тузумдорду тиешелүү иретте куту,тазалыгын камсыз кылуу,жашылдандыруу жана көрүктөндүрүү иштерин жүргүүзү жана буга чейинки жайыт комитеттерине жүктөлгөн иш милдеттерин толугу менен жоопкерчиликке алат:
- Айыл ичинде түнкү жарыктандырууну камсыздоо.
- Жолдорду жана тротуарларды,жол чырактарын оңдоп түзөө,жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүү,жыл мезгилдерине ылайык колдонууга ынгайлуу шарттарды түзүү.
- Жумгал айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймактарындагы санитардык коопсуздукту камсыздоо максатында ,жолбун иттерди,мышыктарды жок кылуу,жаныбарлардын өлүмтүгүн ташып чыгаруу жана зыянсыздаруу боюнча иш чараларды уюштуруу.
- Жумгал айыл аймагындагы айылдар ичинде массалык маданий жана саясий иш чараларды өткөрүү шарт түзүү.
-Жеке жана юридикалык жактарга караштуу тиричилик,курулуш жана өндүрүштүк таштандыларын ташып чыгаруу кызматын көрсөтүү.
-Таштанды ташып чыгаруу боюнча айылдардагы жеке жана юридикалык жактар менен келишим түзү,сапаттуу кызмат көрсөтүү,келишимдин шарттарын бузган учурда кызмат көрсөтүүчүлөргө жана керектөөчүлөрүнө тийиштүү чараларды көрүү.
Өткөрүлүп берилген тартипте айылдар ичинде айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык талаптарды сактоо.
Турмуш тиричилик калдыктарын үзгүлтүксүз чыгарып туру жана таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдарды,тарифтик төлөмдөрдү чогултууну ишке ашыруу.
Ишкананын балансындагы баардык техникаларды эксплуатациялоо,техникалык жактан тейлөө жана өз учурунда оңдоо.
3. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН УКУГУ
3.1. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- Юридикалык жана физикалык жактар менен келишимдерди түзү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген мындан башка иш аракеттерди жүргүзөт.
- Финансылык(каржы) операцияларын,өз карамагындагы мүлктөрдү жана акча каражаттарды колдонууну өз алдынча жүргүзөт.
-Өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнөн мыйзамдарга каршы келбеген киреше табат,түшкөн кирешелерди ишкананын ички ченемдик укуктук актыларынын негизинде пайдаланат.
- Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага алат жана берет.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирбеген учурда акы төлөнүүчү кызматтарды юридикалык жана физикалык жактарга,келишимдин негизинде көрсөтөт.
- Ишкананын материалдык базасын өнүктүрүү жана кызмат көрсотүүнүн түрлөрүн кенейтүү максатын көздөгөн фонд уюштурат.
- Учурдагы ишмердүүлүгүн жана келечектеги онүгүүсүн өз алдынча пландаштырат.
- Муниципалдык ишкананын ишине тиешелүү маселелер боюнча сот органдарына доогер жана жоопкер катары катышат.
- Өз атынан мүлккө байланышкан же мүлккө байланышпаган жеке укуктарга ээ боло алат жана ишке ашырат.
3.2. Муниципалдык ишкана расчеттук,валюталык жана башка эсептерди ачат.Чарба маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууну жана түшкөн пайдаларды бөлүштүрүүнү өз алдынча жүргүзөт.
3.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,Муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттемелерине карата өз менчигиндеги мүлктөрү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат. Муниципалдык ишкана уюштуруучунун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Милдеттенмелерин аткарууга муниципалдык ишкананын каражаты жетпей калган учурда ,Жумгал айылдык кенеши субсидардык жоопкерчиликтерди тартат.
3.4. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн Жумгал айыл өкмөтүнүн талаптарына,ушул уставка,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
4.МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ
4.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз иш мердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдүүлүк эсептерди жүргүзөт,белгиленген формада статистикалык эсеп жүргүзөт жана анын тактыгына жоопкерчиликтүү болот.
4.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери Жумгал айыл өкмөтүнүн жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлгө алынат.
4.3. Муниципалдык ишкананын балансындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү эсептен чыгаруу,жараксыз деп табуу,айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңеш тарабынан бекитилген тартипте жүрөт.
5.МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ БАШКАРУУ
5.1. Муниципалдык ишкананын жогорку органы болуп,Жумгал айыл өкмөтү саналат.
Жумгал айыл өкмөтүнүн компетенцияларына төмөнкү маселелер кирет:
- Муниципалдык ишкананын уставын жаны редакцияга бекитүү,өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
- Муниципалдык ишкананын учурдагы жана келечектеги өнүгүү пландарын бекитүү.
- Муниципалдык ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу.
- Директордун сунушу боюнча,муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн бекитүү.
- Муниципалдык ишкананын башка юридикалык жактарга катышуусуна жана мүчө болуп кирүүсүнө макулдугун берүү.
- Жергиликтүү кеңештин чечими жана сунушу менен муниципалдык ишканага жергиликтүү бюджеттен жана башка каржы булактардан субсидия берүү.
- Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык эсеп-кысабын бекитүү.
- Мамлекеттик сатып алуу боюнча келишимдерди бекитүү.
- Муниципалдык ишкананы кайра түзү жана жоюу.
- Аудитордук текшерүүнү жүргузүү,Муниципалдык ишкананын бардык документтерин текшерүүгө,ошондой эле ишмердүүлүктүн мыйзамга жана уставга жооп берүүсүн текшерүүгө,муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнөндө маалыматтарды,ошондой эле баланстык эсеп-кысабын талап кылууга укуктуу.
5.2. Муниципалдык ишкананын аткаруу органы болуп,анын директору саналат.
5.3. Муниципалдык ишкананын орун басарын жана башкы бухгалтерин,ишкананын директорунун сунушу менен, Жумгал айыл өкмөт башчысы дайындайт жана бошотот.
5.4. Муниципалдык ишкананын директорунун компетенциясы:
- Директор,өзөнө берилген укуктардын,жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын чегинде Муниципалдык ишкананын чарбалык иш аракетин уюштурат.
- Муниципалдык ишкананын учурдагы жана келечектеги өнүгүү пландарын түзөт жана ишке ашырат.
- Ишкананын ишмердүүлүгүнүн сапаттуу жана тийиштүү формада аткарылышына,анын ичинде ишкананын отчеттук маалыматтарынын тууралыгына,чарбалык иштин нормаларынын сакталышына жеке жоопкерчиликте болот.
- Өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат,алардын аткарышын текшерет.
- Мунициалдык ишкананы башка мамлекеттик ,муниципалдык мекемелерде,коомдук уюмдарда ишеним каты жок өкүлчүлүк кылат.
- Муниципалдык ишкананын атынан ушул уставдын5.1. бөлүгүнүн 7-пунктуна көрсөтүлгөн учурдан башка келишимдерди,контракттарды түзөт.
- Муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн,анын структурасын бекитүүнү Жумгал айыл өкмөтүнө сунуштайт.
- Муниципалдык ишкананын аппаратынын жана жалпы курамынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот,ошол эле учурда контракттык негиздегилер менен дагы иш алып барат.
- Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин айлык акысынын өлчөмүн которуу жана анын төлөө формасын аныктайт.
- Муниципалдык ишканадан чыккан документтерге биринчи болуп кол коет.
- КРнын мыйзамдарына жана ушул Уставка ылайык Муниципалдык ишкананын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
6. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН МҮЛКҮ
6.1.Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Жумгал айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүп берилген жана балансында турган кыймылсыз,кыймылдуу жана жүгүртмө каражаттары ишкананын мүлкү болуп саналат. Иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүн жана ишмердүүлүгү н каржылаган булактарга төмөндөгүлөр кирет;
- Жумгал айыл өкмотү өткөрү п берген мүлк жана башка каражаттар.
- Көрсөтүлгөн кызматтарынан жана башка иш-аракеттеринен түшкөн каражаттар.
- Мамлекеттик,чет-өлкөлүк мекемелер,коомдук,коммерциялык,юридикалык жана жеке тараптардан демөөрчүлүк катары түшкөн материалдык жана акчалай каражаттар.
- Ишкананын карамагында турган муниципалдык мүлктү (маданий,спорттук,жарнамалык ж.б.)пайдалануудан,массалык иш чараларды уюштуруудан,демөөрчүлүк иш чаралардан,лекция,көргөзмө,аукцион жана башка иш чараларды өткөрүүдөн түшкөн каражаттар.
- Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттар.
- Муниципалдык ишкананын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн пайдаланууга,ижарага берүүдон түшкөн каражаттар.
- Мыйзам менен тыюу салынбаган башка кирешелер.
6.4. Муниципалдык ишкана,өзү көрсөткөн кызматтардан жана башка иш-аракеттерден түшкөн каражаттарды,Уставда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү жана тийиштүү фонддорду түзүү үчүн өз алдынча болүштүрө алат.
7.МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН МАМИЛЕСИ.
7.1. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана ишкананын жумушчуларынын эмгек укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси,ушул Устав,ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контракты)менен аныкталат.
7.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнө ишкананын кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан зыян келтирилсе,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишимдин (контрактын)негизинде материалдык жоопкерчилик тартат.
7.3. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери ишкананын директору тарабынан бекитилет.
8.МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ИШ-АРАКЕТИН ТОКТОТУУ.
8.1.Муниципалдык ишкананын жоюулушу жана кайрадан түзүлүүсү Кыргыз Респбуликасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
8.2. Муниципалдык ишкананын жоюлушу жана кайрадан түзүлушү юридикалык жактардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине тийиштүү маалымат киргизилгенден кийин,ишкана жоюлган же,кайрадан түзүлгөн болуп саналат.
8.3. Муниципалдык ишкананын иш кагаздары Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонд» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аткарылып жана тийиштүү мекемеде сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.