Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Трансформатор орнотуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы 2023-жылдын 25-февралы № 20-4 Трансформатор орнотуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынын №431- контурунда жерлерге сугат суусунун жетишсиздигинен жеке демөөрчү Бакиров Максатбек Пахридинович өзүнүн эсеби менен №431а контурундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган токой тилкелери эсебинде жайланышкан жердеги эски скважинасын тазалап чыгарып жаткандыгына, скважинаны ишке киргизүү үчүн трансформатор орнотууга 16 (он алты) чарчы метр жер аянтын ажыратып берүү жѳнүндѳгү кайрылууларын канааттандыруу максатында, Сары-Таш айылынын айыл башчысы М.Курбанкуловдун сунуш-пикирин угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 13-статьясына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрь №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 27-беренесине ылайык Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынын №431а контурунда токой тилкелери эсебиндеги жайланышкан жердеги эски скважинаны ишке киргизүү үчүн трансформатор орнотууга 16 (он алты) чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошевге жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ажыратып берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык) жобонун талаптарына жана КРнын жер маселелери боюнча укуктук ченемдик актыларына негиз жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Осмоналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.