# Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 22-1 "Демөөрчүлөр тарабынан сугат суу үчүн чыгарылган скважиналарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 22-1 "Демөөрчүлөр тарабынан сугат суу үчүн чыгарылган скважиналарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22-1
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14348/edition/1277766/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 22-1 "Демөөрчүлөр тарабынан сугат суу үчүн чыгарылган скважиналарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө" токтому (29.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178233

---

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 22 сессиясы 2023-жылдын 29-апрели № 22-1 Демөөрчүлөр тарабынан сугат суу үчүн чыгарылган скважиналарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынын №450, Найман айылынын №23-контурларында жайланышкан жерлердин сугат суусунун жетишсиздигинен жеке ишкерлер Абылкасым уулу Олжобайдын жана Халиков Исхак Абдинавыевичтердин эсеби менен эски эки скважинаны тазалап чыгарып жатышкандыгына скважинаны ишке киргизүү үчүн ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында ар бирине 200 (эки жүз) миң сомдон акча каражатын скважинанын суу тартуучу насосун сатып алуулары үчүн акча каражатын Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 1-февралы № 15 “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Төө-Моюн айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынын №450, Найман айылынын №23- контурларында жайланышкан жерлердеги эски эки скважиналарды ишке киргизүү үчүн ар бирине 200 (эки жүз) миң сомдон акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Ибрагимовго жергиликтүү бюджеттин тийиштүү беренелеринен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берилишин камсыз кылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.

Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Осмоналиев
