# Атбашы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 139 "Атбашы айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Атбашы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 139 "Атбашы айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2023
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14298/edition/1276168/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атбашы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 139 "Атбашы айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178179

---

АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он сегизинчи сессиясы 2023-жылдын 6-апрели № 139 Атбашы айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021 жылдын 20 октябрындагы №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 21,33-беренелерине ылайык жана айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациасынын ишмердүүлүгүн Атбашы айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атбашы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Чуй облусунун Сокулук районундагы Атбашы айыл аймагы АКИА нын уставдык ишмердүүлүгү үчүн чек ара катары аныкталсын.

3. Бул токтом расмий сайтка жарыялансын.

4. Бул токтомду каттоодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрайымы

Д.Абыканова
