# Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-августундагы № 28 "Объекттерге көчөлөрдүн атын жана санын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-августундагы № 28 "Объекттерге көчөлөрдүн атын жана санын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14287/edition/1275926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-августундагы № 28 "Объекттерге көчөлөрдүн атын жана санын ыйгаруу жөнүндө" токтому (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178168

---

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

VII-чакыруу, №12-сессиялык отурум 2023-жылдын 4-августу № 28 Объекттерге көчөлөрдүн атын жана санын ыйгаруу жөнүндө 2014-жылдын 22-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №610-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында дарек реестрин жүргүзүү үчүн даректерди ыйгаруу тартиби жөнүндө” жобонун 6-пунктуна ылайык, ошондой эле Жайыл айыл аймагынын тургундарынын “Даректик реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Көчөнүн атын ыйгаруу жөнүндө”, “Көчөнүн атын жана объектилердин номерлерин ыйгаруу жөнүндө” арыздарынын негизинде жана Жайыл айыл өкмөтүнүн берилген материалдарын карап жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессия

токтом кылат:

1. Жайыл айыл аймагынын территориясында жайгашкан төмөнкү участокторго көчөлөрдүн аттары жана саны берилсин:

- ОТФ участогу - ОТФ көчөсү;

- МТФ участогу - МТФ көчөсү;

- СТФ участогу - СТФ көчөсү;

- ПТФ участогу - ПТФ көчөсү;

- Алтын участогу – Алтын көчөсү;

- Саргоо участогу – Саргоо көчөсү.

2. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Кадастр” мамлекеттик мекемеси Жайыл филиалы жер каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, ошондой эле Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылында жайгашкан объектилерге көчөнүн аталышы жана саны берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы

А.А.Мамбеткулов
