# Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-мартындагы № 12 "2023-жылга бюджеттин чыгымдарын бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-мартындагы № 12 "2023-жылга бюджеттин чыгымдарын бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14270/edition/1275868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-мартындагы № 12 "2023-жылга бюджеттин чыгымдарын бекитүү тууралуу" токтому (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178151

---

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

VII-чакыруу, №5-сессиялык отурум 2023-жылдын 17-марты № 12 2023-жылга бюджеттин чыгымдарын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жана Жайыл айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетти бекитүү тууралуу сунушталган материалдары менен таанышып жана талкуулап Жайыл айыл кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1. Жайыл айыл аймагынын 2023-жылга бюджеттин кээ бир чыгымдарын төмөнкү суммада бекитилсин:

Суммасы

Чыгымдын максаты

2023 жыл

21,6 миӊ сом

Айыл аймагынын участкалык оперкызматкерине жылына 30 литр бир айда \* 12 айга \* 60 сомдон

41,7 миӊ сом

Атайын техникага (ХОВО) дизель отуна жылына 58 литр бир айда \* 12 айга \* 60 сомдон

85,8 миӊ сом

Соттун чечимдерин аткарууга "Кара-Балта суу каналы"МИсына

35,8 миӊ сом

"Жайыл Ата"МЧБУнун мешин оңдоого кошумча төлөм

2. Чыгымдар сметасына "Алексеевка айылындагы төмөнкү Мира көчөсүнүн асфальтбетон менен жабууну оңдоо" дем берүүчү гранттын долбоору боюнча 711,2 миң сом суммасында кошумча төлөө киргизилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы

А.А.Мамбеткулов
