Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин «2023-жылга бюджеттин чыгымдарын бекитүү тууралуу» токтому
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
VII-чакыруу, №5-сессиялык отурум 2023-жылдын 17-марты № 12 2023-жылга бюджеттин чыгымдарын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жана Жайыл айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетти бекитүү тууралуу сунушталган материалдары менен таанышып жана талкуулап Жайыл айыл кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Жайыл айыл аймагынын 2023-жылга бюджеттин кээ бир чыгымдарын төмөнкү суммада бекитилсин:
Суммасы
Чыгымдын максаты
2023 жыл
21,6 миӊ сом
Айыл аймагынын участкалык оперкызматкерине жылына 30 литр бир айда * 12 айга * 60 сомдон
41,7 миӊ сом
Атайын техникага (ХОВО) дизель отуна жылына 58 литр бир айда * 12 айга * 60 сомдон
85,8 миӊ сом
Соттун чечимдерин аткарууга "Кара-Балта суу каналы"МИсына
35,8 миӊ сом
"Жайыл Ата"МЧБУнун мешин оңдоого кошумча төлөм
2. Чыгымдар сметасына "Алексеевка айылындагы төмөнкү Мира көчөсүнүн асфальтбетон менен жабууну оңдоо" дем берүүчү гранттын долбоору боюнча 711,2 миң сом суммасында кошумча төлөө киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы
А.А.Мамбеткулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.01.2023 · № 3