# 2006-жылдын 24-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу текшерип-өткөрүү пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколу

- Толук аталышы: 2006-жылдын 24-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу текшерип-өткөрүү пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколу
- Актынын түрү: Протокол
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17813>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17813/edition/297896/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2006-жылдын 24-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу текшерип-өткөрүү пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколу (24.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17813

---

Кыргыз Республикасынын 15-ноябрындагы 2007-жылдын №171 Мыйзамы менен ратификацияланган.

Ташкент шаары

2006-жылдын 24-августу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик

чегара аркылуу текшерип-өткөрүү пункттары жөнүндө

2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

ПРОТОКОЛ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-

на Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу текшерип-өткөрүү пунк-

ттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашуунун (мындан ары "Ма-

кулдашуу") 6 жана 10-статьяларын жетекчиликке алышып,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

Макулдашуунун тиркемесине ушул Протоколдун тиркемесине ылайык (ко-

шо тиркелет) толуктоолор киргизилсин.

Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Ма-

кулдашуунун 12-статьясына ылайык күчүнө кирет.

Ташкент шаарында 2006-жылдын 24-августунда эки нускада, ар бири

кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-

дей күчкө ээ.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын

Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик

чегара аркылуу текшерип-өткөрүү пункттары жөнүндө

макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу Протоколго

ТИРКЕМЕ

| Ка- | Кыргыз | Кыргыз | Өзбекстан | Өзбекстан | Текшерип- | Иштөө |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| тар | Республи- | Республика- | Республи- | Республи- | өткөрүү | режими |
| N | касынын | сында | касынын | касында | пункттарынын |  |
|  | текшерип- | жайгашкан | текшерип- | жайгашкан | статусу |  |
|  | өткөрүү | жери | өткөрүү | жери |  |  |
|  | пунктунун |  | пунктунун |  |  |  |
|  | аталышы |  | аталышы |  |  |  |
| 1. | Карасуу - | Ош облусу, | Карасув- | Анжиян | Эки | Сутканын |
|  | автожол | Карасуу | автожол | облусу, | тараптуу | жарык |
|  |  | району |  | Кургантеп |  | мезгилинде |
|  |  |  |  | району |  |  |
