# Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө Келишим (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-ноябрындагы №170 Мыйзамы менен ратификацияланган)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө Келишим (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-ноябрындагы №170 Мыйзамы менен ратификацияланган)
- Актынын түрү: Договор
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17812/edition/297895/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө Келишим (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-ноябрындагы №170 Мыйзамы менен ратификацияланган) (03.10.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17812

---

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-ноябрындагы Мыйзамы менен ратификацияланган

Ташкент шаары

2006-жылдын 3-октябры

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын

ортосундагы 2007-2011-жылдарга

экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык

кызматташтык жөнүндө

КЕЛИШИМ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Өзбекс-

тан Республикасы,

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы

1996-жылдын 24-декабрындагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жетекчи-

ликке алып,

мамлекеттер аралык интеграция экономикалык өнүгүүнүн маанилүү эле-

менттеринин бири экендигин эске алып,

тењ укуктуу жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана өндүрүш-

түк мамилелерди андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, аларга узак мөөнөт-

түү жана туруктуу мүнөз берүү, эки мамлекеттин экономикалык мүмкүнчү-

лүктөрүн натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын көрсөтүп,

товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдардын жана жумушчу

күчтөрүнүн эркин которулушуна этап-этабы менен өтүү үчүн шарттарды тү-

зүүгө өзгөчө маани берип,

эларалык укуктун жалпыга таанылган ченемдерин жана принциптерин

жетекчиликке алып,

төмөнкүлөргө макулдашты:

1-статья.

Тараптар ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз

Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жыл-

дарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык

программасын (мындан ары - Программа) жүзөгө ашырууну жүргүзөт.

2-статья.

Тараптардын экономикалык кызматташтыгы Кыргыз Республикасы жана

Өзбекстан Республикасы катышуучулар болуп саналган эларалык келишимдер-

ге, эларалык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине,

ошондой эле эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына жоболоруна ылайык менчиги-

нин жана баш ийүүчүлүгүнүн түрүнө карабастан эки мамлекеттин чарбакер

субъекттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу өз ара аракеттенүү жолу ме-

нен жүзөгө ашырылат.

Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптар чарбакер субъект-

тердин ортосунда кооперацияны өнүктүрүү жана инвесторлорго эки мамле-

кеттин аймактарында инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, биргелеш-

кен өндүрүштүк структураларды түзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт.

3-статья.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана Борбордук Азияда

жалпы экономикалык мейкиндикти этап-этабы менен түзүүнүн жана өнүктү-

рүүнүн зарылдыгын таанып, тышкы экономикалык ишмердик, соода-экономика-

лык мамилелер, салык, бажы жана тариф системасы, курчап турган чөйрөнү

коргоо жана жаратылышты пайдалануу, монополияга каршы саясат жана ке-

ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармактарындагы ченемдик-укуктук базаны

жакындатуу, өзүнчө долбоорлорду жана программаларды түзүү, чарбакер

субъекттер ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык жана илимий-техника-

лык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, эки мамлекеттин аймакта-

рында улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлордун өз ара ишмердиктерин ак-

тивдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт.

Тараптар эки тараптын экономикасынын таламдарына зыян келтирүүчү

аракеттерди жасашпайт.

4-статья.

Тараптар:

биргелешкен өндүрүштөр менен иш алып барышкан улуттук товар өндү-

рүүчүлөрдү колдоо жана коргоо чараларынын системасын биргелешип иштеп

чыгышат жана жүзөгө ашырышат;

өндүрүштү терењдетип кооперациялоонун негизинде жањы муундагы ма-

шиналарды жана жабдууларды жасап чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды

түзүүнү колдошот;

өнөр жайдын базалык ишканаларынын жана агрардык-өнөр жай комплекс-

теринин ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды бекемдөөгө бирдей кызы-

гууну таанышат.

5-статья.

Тараптар инвестицияларга кызыктыруу жана өз ара коргоо, баалуу ка-

газдар рыногунда өз ара аракеттенүү боюнча ишкердикти колдоо, биржа со-

одасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт.

6-статья.

Тараптар өз ара пайдалуу негизде жалпы кызыкчылыктары бар пробле-

малар боюнча биргелешкен илимий иштерди уюштурууну кошуп алганда элара-

лык долбоорлордун чектеринде фундаменталдуу жана колдонмо илимий изил-

дөөлөрдү жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүлөрдү камсыз кылышат.

7-статья.

Тараптар транспорт жана байланыш тармактарындагы кызматташтыкты

улантышат. Мында ар бир Тарап өз мамлекетинин аймагы боюнча экинчи Та-

раптын автоунаа каражаттарынын кирүү, чыгуу жана транзиттик өтүүлөрүнө

жагымдуу шарттарды камсыз кылууга умтулат.

8-статья.

Тараптар продукцияларды берүү боюнча чарбакер субъекттердин орто-

сундагы келишимдерди түзүүдө Тараптардын улуттук мыйзамдарында каралган

алардын айрым түрлөрүнөн башкаларына чектөөлөрдү киргизишпейт.

9-статья.

Тараптар маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, курчап турган

чөйрөнү коргоо, спорт, туризм, жаштар саясаты мекемелеринин жана коом-

дук уюмдардын ортосундагы узак мөөнөттүү байланыштарды орнотууга көмөк

көрсөтүшөт.

Тараптар кесипкөй, эл чыгармачылык жана балдар жамааттарынын фес-

тивалдарга, кароолорго, конкурстарга жана мелдештерге катышуусу, жаштар

саясаты тармагында биргелешкен программаларды уюштуруу, көркөм, музей

көргөзмөлөрү, ошондой эле театр-концерт гастролдору, туристтик жана

спорттук делегацияларды өз ара жиберишүү үчүн зарыл шарттарды түзүшөт.

10-статья.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ор-

тосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен

комиссияга Программанын аткарылышын координациялоону, анын жүзөгө ашы-

рылышынын жүрүшүнө контролдук жүргүзүүнү жана зарыл учурда ага толукто-

олорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырышат.

11-статья.

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Келишимге өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү

болуп санала турган түзүлүүчү протоколдор менен таризделет. Ал прото-

колдор ушул Келишимдин 14- статья.сынын жоболоруна ылайык күчүнө кирет.

12-статья.

Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө жана колдонуу менен байланышкан

бардык талаштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жана

кењеш берүүлөр жолу менен чечишет.

13-статья.

Бул Келишим Тараптар катышуучулар болуп саналышкан башка эларалык

келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин

козгобойт.

14-статья.

Бул Келишим ал күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол жобо-

лорду Тараптар аткаргандыгы тууралуу кат жүзүндөгү акыркы билдирүү

алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2011-жылдын 31-декабрына чейин

колдонулат.

Тараптардын ар бири экинчи Тарапка кат жүзүндөгү билдирүү жиберип,

бул Келишимдин колдонулушун токтото алат. Бул учурда Келишим өзүнүн

колдонулушун андай билдирүү алынган күндөн тартып алты айдан кийин ток-

тотот.

Бул Келишимдин колдонулушунун токтотулушу бул Келишим колдонулуп

жаткан мезгилде күчүнө кирген жана ал токтотулган мезгилде аяктай элек

долбоорлорду жүзөгө ашырууну токтотууга алып келбейт.

Ташкент шаарында 2006-жылдын 3-октябрында ар бири кыргыз, өзбек

жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бир-

дей күчкө ээ.

Бул Келишимдин жоболорун чечмелөө үчүн Тараптар орус тилиндеги

текстти колдонушат.

Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы

үчүн үчүн

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын

ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык,

илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык

ПРОГРАММАСЫ

I. Программанын максаттары жана милдеттери

II. Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттары

III. Соода мамилелерин өнүктүрүү

IV. Социалдык чөйрөдө кызматташуу

V. Курчап турган чөйрө жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу

тармагындагы кызматташуу

VI. Программаны ишке ашырууну башкаруу

Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы экономикалык маа-

нилүү өнөктөштөр болуп саналышат. Эки мамлекеттин тењ өз ара экономика-

лык кызыкчылыктары тарыхый калып алып калган өндүрүштүк, кооперациялык

жана технологиялык байланыштар, ошондой эле аларды сактоонун жана өз

ара пайдалуу негизде андан ары өнүктүрүүнүн нагыз зарылдыгы менен шарт-

талган.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын стратегиясын иштеп чыгуу-

нун жана артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун чараларынын топтомун кабыл

алуунун зарылдыгын таанышат.

Ошону менен катар, эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы Тарап-

тардын муктаждыктарына жооп бербейт, бул экономикалык, илимий-техника-

лык жана гуманитардык кызматташтыктын узак мөөнөттүү программасын иштеп

чыгуунун зарылдыгын шарттайт.

I. Программанын максаттары жана милдеттери

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы

2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык

кызматташтык программасы (мындан ары - Программа) жагымдуу соода режи-

мин орнотуу, өз ара пайдалуу экономикалык, илимий-техникалык жана гума-

нитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, эки мамлекеттин экономикаларынын не-

гизги тармактарындагы кызматташтыкта жана өз ара аракеттенүүдө, ушул

негизде өз ара товар жүгүртүүнү өстүрүүдө олуттуу прогресске жетишүү

боюнча чаралардын топтомун жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыкты.

Бул Программанын негизги максаттары болуп эки тараптуу соода-эко-

номикалык мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын калкынын жашоо

дењгээлдерин көтөрүү жана эки мамлекеттин элдеринин руханий-маданий ке-

ректөөлөрүн канааттандыруу саналат.

Бул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү талап

кылынат:

бардык чарбакер субъекттер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана ке-

пилдиктерди камсыз кылууда, ак ниеттүү атаандаштык үчүн шарттарды тү-

зүүдө өз ара аракеттенүүнү;

мамлекеттер аралык жана регион аралык (Тараптардын мамлекеттеринин

административдик-аймактык бирдиктеринин ортосунда) кызматташтыкты өнүк-

түрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын мамлекеттик колдоонун, эки мамлекет-

тин ортосундагы соода-төлөм мамилелеринин тењ салмактуулугун камсыз кы-

луу системаларын түзүүнү;

инвестициялык, ишкердик структураларынын өкүлдөрү ортосунда форум-

дарды, жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну жана жагымдуу инвес-

тициялык климатты түзүүнү;

соодага кызыктыруу, анын ичинде жармањкелерди, көргөзмөлөрдү уюш-

туруу жана өткөрүү аркылуу ишмердикти колдоону;

эларалык транспорттук коммуникацияларды жана байланыштарды натый-

жалуу пайдаланууну жана өнүктүрүүнү, иштеп жаткан транспорттук өтмөк-

төрдүн натыйжалуулугун жогорулатууну жана жањыларын түзүүнү;

чарбакер субъекттердин менчиктештирүүнүн улуттук программаларына

өз ара катышуусуна жагымдуу шарттарды түзүүнү;

салык, бажы, монополияга каршы саясатты укуктук жөнгө салуу, тышкы

соода операцияларын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жүргүзүү тар-

мактарындагы кызматташууну;

өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнү интенсификациялоону;

чарбакер субъекттерди өндүргөн товарлардын, продукциялардын жана

кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кењейтүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгө

инвестицияларды көбөйтүүгө, илим жана алдыњкы технологиялар тармагында-

гы жањы жетишкендиктерди киргизүүгө, чыгарылып жаткан продукциялардын

сапатын жакшыртууга кызыктырууну;

курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык абалды жакшыртуу, табы-

гый кырсыктардын жана алааматтардын кесепеттерин жоюу боюнча макулда-

шылган аракеттерди жүзөгө ашырууну;

билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, туризм, курчап

турган чөйрөнү коргоо, экологиялык абалды жакшыртуу, калктын руханий

жана социалдык керектөөлөрүн толугураак канааттандырууга көмөк көрсө-

түүчү гуманитардык кызматташтыктын башка түрлөрүнүн чөйрөлөрүндө таж-

рыйба алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну.

II. Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн

негизги багыттары

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы

экономикалык кызматташтыкты кењейтүү төмөнкү тармактарда жүзөгө ашыры-

лат:

салттуу, ошондой эле салттуу эмес номенклатурадагы товарлар боюнча

тышкы соода жүгүртүүнү калыбына келтирүү жана кењейтүү;

биргелешкен чарбалык ишмердикти өнүктүрүү;

эки тараптуу соода жана инвестициялык ишмердикти жүзөгө ашыруунун

уюштуруучулук-экономикалык механизмин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин иштөөсүнүн өз ара пайдалуу

шарттарын түзүү;

темир жол, автомобиль жолдорун, өнөр жай объекттерин куруу;

пайдалуу кен байлыктарды геологиялык-сүрөткө тартуу жана иликтөө

жумуштары, чалгындоо жана иштетүү;

маалыматтарды алмашуу жана ишкер байланыштарды орнотуу боюнча

улуттук жана эларалык көргөзмөлөрдү, жармањкелерди жана семинарларды,

конференцияларды жана иш чараларды өткөрүү, ишкер чөйрөлөрдүн жана соо-

да миссияларынын иш сапарларын уюштуруу;

макулдашылган программалардын базасында квалификациялуу адистерди

даярдоо жана такшалуудан өткөрүү.

Тараптар эки тарапты тењ кызыктырган чөйрөлөрдө кызматташуунун ке-

лечектүү багыттары боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат.

Бул Программага ылайык Тараптар төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашыры-

шат:

1. Өндүрүштөрдү биргелешип түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү,

бул өндүрүштөрдү зарыл ресурстар менен камсыз кылууга үлүштүк катышуу-

нун жолдору жана түрлөрү, эки мамлекеттин экономикалык коопсуздугу үчүн

маанилүү болгон ишканалардын өндүрүштүк профилдерин сактоо жөнүндө су-

нуштарды кароо;

2. Топтолгон илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү сактоо жана өнүк-

түрүү, бул жетишкендиктерди экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн

колдонуу, инвестициялык саясатты, кооперацияны жүргүзүү тармагында кыз-

матташууну терењдетүү, өздөрүнүн товар өндүрүүчүлөрүнө продукцияларын

өндүрүү жана сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, эки өлкөнүн экспорт-

тук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;

3. Биргелешкен кыргыз-өзбек ишканаларын баарыдан мурда артыкчылык-

туу тармактарда жана өнөр жай комплекстеринде түзүү, ал оптималдуу коо-

перациялык байланыштарды өнүктүрүү, өнөр жайды жана улуттук экономика-

нын башка тармактарын өнүктүрүүнүн өтө келечектүү тармактарында или-

мий-техникалык прогрессти тездетүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт;

4. Тараптардын ишканаларынын ортосунда өндүрүштүк кооперацияны жа-

на түз байланыштарды өнүктүрүү, сырье ресурстарын, экспортко багыттал-

ган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү натыйжалуу комплекстүү пай-

далануу боюнча иштиктүү чара көрүүнү.

Бул Программаны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Тараптар

төмөнкүлөрдү биргелешип жүзөгө ашырышат:

- кызыкдар министрликтерди жана ведомстволорду, ишканаларды жана

уюмдарды, ошондой эле ишкердик структураларды Программанын тиешелүү

компоненттерине катышууга тартууну;

- негизги кыргыз жана өзбек банктарынан, инвестициялык фонддорунан

жана компанияларынан, камсыздандыруу уюмдарынан жана ошондой эле жеке

инвесторлорунан эки мамлекеттин баалуу кагаз рынокторун өнүктүрүү үчүн

институттук инвесторлорду тартууга көмөк түзүүчү туруктуу инвестициялык

форумдарды жана жолугушууларды өткөрүүнү;

III. Соода мамилелерин өнүктүрүү

Тараптардын ортосундагы соода кызматташууларын өнүктүрүү бара-бара

соода-техникалык тоскоолдуктарды четтетүү менен аракеттенип жаткан эр-

кин сооданын колдонулуп жаткан чегинде жүзөгө ашырылат.

Программада бажы мыйзамдарын шайкеш келтирүү, тарифтик жана тариф-

тик эмес жөнгө салууну өркүндөтүү, бажы жол жоболорун жөнөкөйлөтүү,

ошондой эле жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууда чегаралардан

өтүү жол жоболорун жөнөкөйлөтүү каралган. Ушуга байланыштуу эки тарап-

туу негиз болуучу иш кагаздардын негизинде бажылык, укук коргоо, чега-

ралык жана башка органдардын ырааттуу өз ара аракеттенүүсү тартипке са-

лынат.

Мамлекеттер ортосундагы соода мамилелерин уюштуруу жана ишке ашы-

руу керектүү статистикалык маалыматтарды активдүү алмашууну болжолдойт.

Статистикалык басылмаларды жана жарыялоолорду, усулдук материалдарды

жана иштеп чыгууларды, программаларды жана ошондой эле статистикалык

байкоо жүргүзүү тажрыйбасын, кат алышууну, текшерүүлөрдү, тышкы соода-

нын статистикасын түзүүчү принциптерди макулдашууну карайт.

Программада соода инфраструктураларын (биргелешкен ишканаларды,

соода үйлөрүн, өкүлчүлүктөрдү ж.б.) уюштуруу боюнча кызматташууну ке-

њейтүү каралат, бул товарлардын Тараптардын рынокторундагы жүгүртүлүү-

сүнө көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Эки мамлекеттин административдик-аймактык бирдиктеринин ортосунда-

гы кызматташтык андан ары өнүгүшү зарыл, анын негизги багыты катары

тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн кызыкдар субъекттеринин ортосундагы

тышкы соодалык байланыштарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

эсептелет.

Соода кызматташтыгын өнүктүрүүнүн чектеринде тараптардын эл аралык

уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча кењеш берүүлөрдү жүр-

гүзүү болжолдонот.

IV. Социалдык чөйрөдө кызматташуу

Программаны ишке ашыруу мезгилинде маданият, искусство, спорт, са-

ламаттык сактоо, санаториялык-курорттук иш, туризм жана эмгекти коргоо

тармактарында, гуманитардык кызматташуу, маалыматтык-маданий борборлор

мекемелеринин жана санитардык-эпидемиологиялык жагдайды жакшыртуу тар-

магында, ошондой эле элге билим берүү, ар кандай тармактар үчүн жогорку

квалификациядагы кадрларды даярдоо жана адистерди жиберишүү чөйрөсүндө

өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө күч-аракеттерди координация-

лоо жүргүзүлөт.

Программада социалдык коргоо жана калктын жумуштуулук проблемала-

рын чечүүдө укук базасынын андан ары өнүгүшүн өнүктүрүү каралат.

V. Курчап турган чөйрө жана жаратылышты

сарамжалдуу пайдалануу тармагындагы

кызматташуу

Программаны ишке ашырууда жаратылышты коргоо мыйзамдарын шайкеш

келтирүү, чектеш аймактарда пландаштырылган ишмердүүлүктүн таасирине

биргелешкен баалоону жүргүзүү, ресурстарды сактоочу экологиялык таза

технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, курчап турган чөйрөнүн

абалына биргелешкен мониторингди ишке ашыруу тармагындагы кызматташтык

андан ары өнүгүүгө ээ болот.

VI. Программаны ишке ашырууну башкаруу

Программаны ишке ашыруу ушул Программада жана ушул Программанын

ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Иш-чараларда каралган накта иш-аракет-

терди Тараптардын мамлекеттик органдарынын жана субъекттеринин аткаруу-

су аркылуу жүзөгө ашырылат.

Ушул Программанын жана Иш-чаралардын аткарылышына контролдук жүр-

гүзүү Кыргыз РеспубЛикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы

эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссияга

жүктөлөт.
