Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттери жөнүндө Макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-ноябрындагы №169 Мыйзамы менен ратификацияланган
Анкара шаары
2006-жылдын 5-сентябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ТИКА
программаларынын координациялык офисинин
Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттери жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Түркия Республикасынын Өкмөтү,
эки өлкөнүн ортосунда болгон достук мамилелердин негизинде жана
эки тараптуу социалдык-экономикалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү
жана техникалык кызматташтык жолу менен мамилелерин терењдетүү макса-
тында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
1. Бул Макулдашуунун чегинде Тараптардын кызматташтыктын максаты
эки өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп
эсептелет.
2. Бул Макулдашуу Тараптардын ортосундагы техникалык кызматташтык-
ты жүргүзүү үчүн жалпы эрежелерди белгилейт. Тараптар кээ бир биргелеш-
кен техникалык долбоорлор боюнча кошумча макулдашууларга (мындан ары
"долбоордук макулдашуулар") кол коюушу мүмкүн. Долбоорлордун биргелеш-
кен түшүнүгү макулдашууларда аныкталат жана долбоордун максатын, Тарап-
тардын милдеттерин жана статустарын, ошондой эле долбоорду иш ашыруу
үчүн программанын негизги элементтерин камтыйт.
3. Бул Макулдашуунун чегинде иштелип чыккан кызматташтык програм-
маны кыргыз Тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги
координациялайт жана түрк Тарабынан Түркия Республикасынын Премьер-Ми-
нистринин аппаратына караштуу Түрк эл аралык кызматташтык боюнча агент-
тиги (мындан ары "ТИКА").
4. ТИКА программаларынын координациялык офиси (мындан ары "ПКО"),
Кыргыз Республикасынын аймагында иш-аракеттерин координациялоо жолу ме-
нен техникалык жардам берүү процессти жетектейт. ПКОнун милдети эконо-
мика, технология, инфраструктура, маданият, билим берүү, саламаттыкты
сактоо жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү максатында прог-
раммаларды жана долбоорлоду даярдоо ошондой эле Кыргыз Республикасына
жардам берүү маселелерин координациялоо кирет.
2-статья.
Түрк тарабы долбоордук макулдашуулардын чегинде ПКО аркылуу кыргыз
Тарабына төмөнкү түрдө жардам көрсөтө алат:
а) Кыргыз Республикасында түрк Тарабынын ыйгарым укук берилген
эксперттерди, адистерди, консультанттарды, ассистент жана жардамчы пер-
соналды (мындан ары - ыйгарым укуктуу адистер) кыргыз Тарабына берүү;
b) программалардын жана долбоорлордун чегинде колдонула турган ма-
териалдарды жана жабдууларды берүү;
с) кыргыз адистеринин, администрациялык кадрдык кызматкерлерди жа-
на илимий изилдөөчүлөрдү даярдоо жана алардын квалификациясын жогорула-
туу;
d) жана Тараптардын максаттарына ылайык келген иш-аракеттердин
башка түрлөрүн жүргүзүү.
3-статья.
Түрк Тарабы улуттук мыйзамдарга жана ушул Макулдашуунун шарттарына
ылайык төмөнкү милдеттерди өзүнө алат:
а) ПКОнун иш-аракеттери үчүн материалдарды жана жабдууларды берүү;
b) ПКОго персоналды жумушка алуу (анын ичинде жергиликтүү персо-
нал), аны жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек акы төлөө;
с) ПКОну керектүү транспорт каражаттары менен камсыз кылуу;
d) ПКОнун чыгымдарын жана ПКОнун персоналынын эмгек акысын төлөп
берүү;
е) техникалык жардам долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу жана
билим берүү программаларын каржылоо;
f) жардамдарды координациялоо максатында адистерди жөнөтүү жана
аларга эмгек акы төлөп берүү;
g) кыргыз Тарабынын суроо-талабы боюнча жергиликтүү персоналга тө-
лөнүп берилген кирешелер жөнүндө маалымат берүү;
h) Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жана ТИКАнын Кыргыз
Республикасындагы ар кандай долбоорлору менен программалары үчүн багыт-
талган шаймандар жогоруда аталган долбоорлор менен программалар ишке
ашырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн менчигине өткөрүп
берүү.
4-статья.
Кыргыз Тарабы улуттук мыйзамдарга жана ушул Макулдашуунун шартта-
рына ылайык төмөнкү милдеттемелерди өзүнө алат:
а) долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу убагында ыйгарым укуктуу
адистерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бардык
керектүү маалыматтарды берүү;
b) ПКОнун ыйгарым укуктуу адистерине Кыргыз Республикасында
иш-аракеттерин жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү;
с) ПКОго, координаторго, координатордун орун басарына дипломаттык
статус, техникалык жардамы жүргүзүүчү башка эл аралык уюмдар үчүн ка-
ралган статусу, артыкчылыктарды, кол тийбестикти, ошондой эле ГЖОнун
автомашиналарына дипломатиялык номерлерди берүү;
d) ПКОнун, иш-аракеттери үчүн тиешелүү жай берүү;
е) ПКОдон төлөнө турган электр энергия, суу, жылытуу жана башка
сыяктуу офиске керектүү болгон тейлөөлөрдү берүү;
f) ПКО үчүн расмий документтерди каттоонун жол-жоболорун жана баш-
ка керектүү расмий жол-жоболорбу жөнөкөйлөтүү;
g) түрк Тарабын долбоорлордо пайдалануу үчүн Түрк тарабынан ТИКА
аркылуу берилген материалдарга, жабдууларга жана кызмат көрсөтүүлөргө
салына турган бажы алымынан, салыктардан жана жыйымдардан, анын ичинде
жергиликтүү салыктардан бошотуу;
h) бул Макулдашуунун чегинде долбоорлорго катыша турган түрк адис-
терине, алардын үй-бүлөөлөрүнө өлкөдө жашоосуна уруксатты жана башка
уруксаттарды берүү, өздөрүнө тиешелүү буюмдарын алып келүүдө салыктар-
дан бошотуу жана иш-аракеттери аяктаганда алардын өлкөдөн чыгарылышына
уруксат берүү, кошумча нарк салыгы (КНС) менен бирдикте салыктардан,
жыйымдардан жана алымдардан, башка эмгек акыга жана акча которууга
(эгерде түрк адистери эмгек акыларын чет өлкөдөн ала турган болсо) алы-
на турган финансылык милдеттемелерден бошотуу;
i) бул Макулдашуунун чегинде иштей турган түрк адистерди, Кыргыз
Республикасына техникалык кызматташтык максатында келген түрк адистерин
тосууларда жана аларды узатууларда, паспорттук контроль аркылуу эч тос-
коолдуксуз өтүшү үчүн керектүү артыкчылыктар менен камсыз кылуу;
j) эгерде Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттери окшош болгон эл
аралык уюмдарга, башка өлкөлөрдүн өкүлдүктөрүнө жана алардын персоналы-
на тиешелүү берилген артыкчылыктар жогоруда эскертилген артыкчылыктар-
дан алгылыктуу болуп калса, эњ тез арада ТИКАны жана анын персоналын
дал ушундай артыкчылыктар менен камсыз кылуу үчүн чара көрүү.
5-статья.
Бул Макулдашуу, күчүнө кирген күндөн баштап, ишке ашырылып жаткан
жана башка биргелешип келечекте иштеле турган техникалык долбоорлорго
карата колдонулат.
6-статья.
1. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичин-
деги жол-жоболорду эки Тараптардын аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө
акыркы билдирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу бир жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгер бир Тарап
экинчи Тарапка тиешелүү мөөнөт бүткөнгө чейин ушул Макулдашуунун колдо-
нулушун токтотуу тууралуу өзүнүн ниети жөнүндө жазуу жүзүндө жок деген-
де үч ай мурун билдирбесе анын колдонулушу кийинки бир мөөнөткө өзүнөн
өзү узартылат.
3. Тараптардын өз ара макулдуулугу менен ушул Макулдашууга өзгөр-
түүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун
ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана ушул статьянын 1-пунктунда карал-
ган тартипте күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
4. Бул Макулдашуунун колдонулуу чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюн-
ча Тараптардын ортосунда талаш-тартыш жана пикир келишпестиктер пайда
болсо, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана кењешмелер жолу менен чечилет.
5. Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда, анын шарттары
ушул Макулдашуунун колдонулушунун мезгилинде кол коюлган жана күчүнө
кирген атайын макулдашууларын чегинде, аткарылбаган милдеттерге карата
колдонулат.
Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында эки нускада, ар бири
кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында баардык текст-
тер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун колдонулуу чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча
Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер орус
тилиндеги тексттин негизинде чечилет.
Кыргыз Республикасы Түрк Республикасы
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.