Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган)
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-ноябрындагы №165 Мыйзамы менен ратификацияланган
Астана шаары
2006-жылдын 4-июлу
Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль
жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
1999-жылдын 24-сентябрындагы Бажы союзуна катышуучу мамлекеттердин
ортосунда ташылуучу товарларды бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тар-
тиби жөнүндөгү макулдашууга, 2000-жылдын 17-февралындагы Бажы союзуна
катышуучу мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда ташылуучу товар-
ларга жана транспорт каражаттарына бажы көзөмөл жүргүзүү жөнүндөгү про-
токолго, 1999-жылдын 15-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Алматы-Бишкек маршруту
боюнча чегаралык өтүү жөнүндөгү макулдашууга негизденип;
"бир аялдама принциби" боюнча мамлекеттик чегарадагы контролдун
натыйжалуулугун камсыздоону каалап;
жеке адамдардын жана товарлар жана транспорт каражаттарынын чегара
аркылуу өтүшүн биргелешкен контроль жүргүзүүдө жана аларды тариздөөдө
мамлекеттик чегарада Тараптардын контролдоочу органдарынын ортосундагы
өз ара аракетти күчөтүүнүн зарылдыгын моюнга алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Бул Макулдашуудагы түшүнүктөр төмөнкү мааниде пайдаланылат:
"биргелешкен контроль" - адамдарды, товарларды жана транспорт ка-
ражаттарын биргелешкен өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүдө Тараптардын
мамлекеттеринин контролдоочу жана башка контролдоочу органдары тарабы-
нан бирге колдонулуучу жана ишке ашырылуучу аракеттердин, чаралардын,
ыкмалардын, каражаттардын жана контроль формаларынын жыйындысы;
"контролдоочу органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мый-
замдарына жана ушул Макулдашууга ылайык өткөрүү пункттарында мамлекет-
тик контролдоо милдети жүктөлгөн Тараптардын мамлекеттеринин чегаралык
жана бажы кызматтары;
"башка контролдоочу органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин улут-
тук мыйзамдарына ылайык өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо
милдетин жүргүзүүчү Тараптардын мамлекеттеринин башка мамлекеттик ор-
гандары же кызматтары;
"контролдоо зонасы" - чегинде Тараптардын мамлекеттеринин контрол-
доочу органдары же башка контролдоогу органдары биргелешкен контроль
жүргүзүүчү Тараптардын мамлекеттеринин биргелешкен өткөрүү пункттарын-
дагы кирүү чектелген, атайын белгиленген зона;
"бир аялдама" принциби" - кыргыз-казак мамлекеттик чегарасынан
өтүүдө жеке адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын бир жолку
токтотуу менен биргелешкен контроль жүргүзүү;
"кызмат адамдары" - Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу ор-
гандарынын жана башка контролдоочу органдарынын биргелешкен контроль
жүргүзүүчү кызматкерлери;
"биргелешкен өткөрүү пункту" - бир же экинчи Тараптын мамлекетинин
биргелешкен контроль жүргүзүлүүчү жана адамдардын мамлекеттик чегарадан
өтүүчү жери, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин аймагына/ан товар-
ларды жана транспорт каражаттарын алып келүүчү жана алып кетүүчү жери
болуп эсептелүүчү өткөрүү пунктунун аймагы.
2-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга жооп-
туу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкү органдар эсептелет:
Кыргыз Республикасында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-
циясы;
Казакстан Республикасында:
Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий
аталыштары же иш-милдеттери өзгөрсө Тараптар ал жөнүндө дипломатиялык
каналдар аркылуу өз убагында билдиришет.
3-статья.
Бир Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдары ушул Макулдашууга
ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындагы биргелешкен өткөрүү
пунктунун аймагында өз Тарабынын мамлекетинин аймагындагыдай эле конт-
ролдоо зонасынын чектеринде колдонулат.
Биргелешкен өткөрүү пунктунун аймагында бул мыйзамды бузуулар өз
Тарабынын мамлекетинин аймагындагы ушуга окшогон мыйзам бузуулардай эле
укуктук натыйжаларга алып келет.
4-статья.
Биргелешкен контроль Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу ор-
гандары жана башка контролдоочу органдарынын ортосундагы өз ара аракет-
тин негизинде "бир аялдама" принциби боюнча жүргүзүлөт.
Биргелешкен контролду жүргүзүүдө анын төмөнкү ыкмалары колдонулат:
- жеке адамдардын мамлекеттик чегараны кесип өтүшү жана товарларды
жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чегара аркылуу алып өтүү
жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын кызмат
адамдары тарабынан чегара аркылуу биргелешкен өткөрүү пунктунда бирге-
лешкен текшерүүлөрдү, кароолорду, толук кароолорду өткөрүү;
- Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдары жана башка
контролдоочу органдары тарабынан Тараптардын мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык таризделген товарлар-
дын документтерин таануу жана колдонуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эларалык
келишимдерине каршы келбеген биргелешкен контролду жүргүзүүнүн учурдагы
формаларын жана ыкмаларын колдонуу жана алардын жањы формаларын жана
ыкмаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу.
Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдары жана башка
контролдоочу органдары биргелешкен контролду жүргүзүүдө алардын баалоо,
талдоо жана тобокелдикти башкаруу принциптерин ишке ашыруу менен бирге,
аткарылышын контролдоо Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу орган-
дарына жана башка контролдоочу органдарына жүктөлгөн Тараптардын мамле-
кеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эларалык келишимдерин сактоону кам-
сыздоо үчүн жетиштүү болгон формаларын колдонот.
Тараптардын мамлекеттеринин чегара кызматтары Тараптардын мамле-
кеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чега-
расынан өтүп жаткан жеке адамдарды контролдоонун башка түрлөрүн
жүргүзүү укугун өздөрүндө калтырат.
5-статья.
1. Биргелешкен өткөрүү пункттары тиешелүү түрдө иштеши үчүн
төмөнкүлөрү менен камсыздалат:
- биргелешкен өткөрүү пункттарынын иштешинин муктаждыктарын эске
алуу менен бирге жетиштүү сандагы дасыккан кызматчылар менен;
- контролдоого тийиштүү товарлардын жана транспорт каражаттарынын
түрүн эске алуу менен бирге биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн зарыл
болгон имараттардын, курулмалардын комплекси, жабдуулар, контролдоонун
техникалык каражаттары жана түзүлүштөрү менен;
- кызмат адамдары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына
жана ушул Макулдашууга ылайык иштеши үчүн расмий нускамалар менен;
- бажылык тариздөөнү жана бажы контролун, анын ичинде алдын ала
маалымдоо жана тобокелдикти башкаруу системасын пайдалануунун негизинде
жүргүзүү процессин автоматташтырууну камсыздоочу маалымат системалары
жана комплекстери менен.
2. Контролдоо зонасында биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн болгон
техникалык каражаттарды колдонуу тартиби Тараптардын мамлекеттеринин
ыйгарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча аныкталат.
6-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын жана башка
контролдоочу органдарынын кызматкерлеринин кыргыз-казак мамлекеттик че-
гарасындагы биргелешкен өткөрүү пунктунда иштөө режими Тараптардын мам-
лекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча аныкта-
лат.
7-статья.
1. Биринчи болуп адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын
контролдоону аталган адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары айма-
гынан чыгып жаткан Тараптын мамлекетинин кызмат адамдары жүргүзөт.
Бул Тараптын мамлекетинин мыйзамынын контроль жүргүзүүгө байланыш-
кан жоболору, анын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан контроль
аяктаган учурдан баштап күчүн жоготот.
2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында контроль жүргүзүп жаткан
Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын жана башка конт-
ролдоочу органдарынын кызмат адамдары, адамдардын, ошондой эле өз мам-
лекетинин аймагынан алынып чыгып жаткан товарлардын жана транспорт ка-
ражаттарынын өтүшүн токтотуп, аларды өз мамлекетинин аймагына кайтаруу-
га укуктуу.
3. Тараптардын мамлекеттерин чегарасы аркылуу адамдардын өтүшүндө,
ошондой эле товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө мыйзам бу-
зуу аракеттерин же бузуулардын далилдерин жыйноону камсыздоо максатында
Тараптар бири-бирине керектүү жардам көрсөтүүгө милдеттенет.
8-статья.
Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пунктунда биргелеш-
кен контролду жүргүзүү тартиби Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым
укуктуу органдары тарабынан кол коюлган жана Тараптардын мамлекеттери-
нин тиешелүү контролдоочу органдары жана башка контролдоочу органдары
менен макулдашылган өзүнчө протокол менен аныкталат.
Биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн өткөрүү пунктунун инфраструк-
турасы колдонулат.
9-статья.
1. Эгер контролдун башка түрлөрүн жүргүзүү зарылдыгы келип чыкса,
контролдоочу органдар ал үчүн башка контролдоочу органдарга маалымдайт
жана ишке тартат.
2. Биргелешкен өткөрүү пунктунда контролдоонун бир нече түрү
жүргүзүлгөн учурда контролдоочу органдар жана башка контролдоочу орган-
дар аларды бир мезгилде жана кыска убакытта жүргүзүү үчүн бардык тие-
шелүү чараларды көрөт.
3. Биргелешкен өткөрүү пунктунан тышкары жерде контролдун ай-
рым-бир түрлөрүн жүргүзүү зарылчылыгы келип чыкса, аларды улуттук мый-
замдарга ылайык Тараптардын мамлекеттердин аймактарында жүргүзүүгө жол
берилет.
10-статья.
1. Тараптар дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен Тараптардын
биринин мамлекетинин контролдоочу органдары жана башка контролдоочу ор-
гандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында контроль жүргүзө турган
биргелешкен өткөрүү пункттарын аныктайт.
2. Контролдоочу органдар жана башка контролдоочу органдар бирге-
лешкен өткөрүү пункттарынын контролдоо зоналарынын чегинде биргелешкен
контроль жүргүзөт.
11-статья.
1. Мамлекетинин аймагында биргелешкен контроль жүргүзүлүп жаткан
Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин контролдоочу органдарына жана башка
контролдоочу органдарынын кызмат адамдарына контролдоо иш-аракеттерин
жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.
2. Контролдоо иш-аракеттерин аткарууга байланыштуу экинчи Тараптын
мамлекеттин аймагында жүргөн, Тараптардын биринин мамлекетинин контрол-
доочу органдарынын жана башка контролдоочу органдарынын кызмат адамда-
ры, эгер бул Макулдашууда башкача каралбаса, жүргөн Тарабынын мамлеке-
тинин мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
3. Экинчи Тараптын мамлекеттин аймагында контроль жүргүзүп жаткан,
Тараптардын мамлекеттеринин биринин контролдоочу органдарынын жана баш-
ка контролдоочу органдарынын кызмат адамдарын жайгаштыруу жана которуу
Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын ортосундагы кели-
шимдердин негизинде жүргүзүлөт.
4. Бул Макулдашууга ылайык, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагын-
дагы биргелешкен өткөрүү пунктунун аймагынын чегинде контроль жүргүзүп
жаткан Тараптардын мамлекеттеринин биринин контролдоочу органдарынын
жана башка контролдоочу органдарынын кызмат адамдары өздөрүнүн мамлеке-
ти тарабынан аныкталган формалык кийимди кийишет, кызматтык айырмалоо
белгилерин тагынышат, өздөрү менен кошо кызматтык күбөлүктөрүн жана
кызматтык жаныбарларды, ошондой эле контролдун жана байланыштын техни-
калык каражаттарын алып жүрүшөт.
5. Экинчи Тараптын мамлекеттин аймагында биринчи Тараптын мамлеке-
тинин кызмат адамдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу бо-
юнча дооматтар жүргөн Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык каралат.
12-статья.
1. Контролдоочу органдардын жана башка контролдоочу органдардын
кызмат адамдары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындагы биргелешкен
өткөрүү пунктунда милдеттерин аткаруу үчүн бара турган Тарабынын мамле-
кетинин чегара органдары тарабынан берилүүчү өткөрмөнүн негизинде чега-
раны кесип өтүшөт.
2. Тараптардын мамлекеттеринин чегара кызматтары өткөрмөлөрдүн
үлгүлөрүн алмашат, тиги же бул Тараптын мамлекетинин аймагында жайгаш-
кан биргелешкен өткөрүү пункттарында контроль жүргүзүү үчүн кызмат
адамдарынын чегарадан өтүү тартибин макулдашат жана бекитишет.
13-статья.
1. Жүргөн Тарабынын мамлекетинин аймагындагы тиешелүү органдар
байланыш каналдарын уюштуруп, аларды тиешелүү абалда кармап турат жана
экинчи Тараптын мамлекетинин контролдоочу органдары жана башка контрол-
доочу органдарын байланыш каражаттары жана маалыматтарды электрондук
иштеп чыгуу үчүн жабдуулар менен камсыз кылат.
2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында контролдоочу иш-аракет-
терди жүргүзүп жаткан Тараптардын биринин мамлекетинин контролдоочу ор-
гандары жана башка контролдоочу органдары экинчи Тараптын мамлекетинин
радиобайланышынын ишине тоскоол болбоо үчүн, радиобайланыш каражаттарын
пайдаланууну макулдашат.
14-статья.
1. Тараптардын мамлекеттердин биринин мыйзамын бузуулар аныкталган
учурда, экинчи Тараптын мамлекетинин мыйзамын бузуулар болбосо, адамдар
ченемдери бузулган Тараптын мамлекетинин мыйзамына ылайык жоопкерчилик
тартат.
2. Эки Тараптын мамлекетинин тењ мыйзамдары бузулган учурларда,
адамдар жеке адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары аймагынан ке-
тип же чыгып жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамына ылайык жоопкерчи-
ликте болот.
15-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдары жана башка
контролдоочу органдары зарыл учурда (биргелешкен контроль жүргүзүүгө
тоскоол болуучу эпидемия, эпизоотия, табигый кырсыктар же башка өзгөчө
кырдаалдар) өз мамлекетинин аймагына контроль жүргүзүү үчүн аныкталба-
ган убакытка кайрылып келиши мүмкүн.
Бул учурда экинчи мамлекеттин контролдоочу органдары жана башка
контролдоочу органдарына тез аранын ичинде бул жөнүндө маалымат бери-
лет.
16-статья.
Бул Макулдашууну аткаруу үчүн кеткен чыгашаларды Тараптардын мам-
лекеттеринин улуттук мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте Тараптар
өз алдынча көтөрүшөт.
17-статья.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чык-
кан пикир келишпестиктер жана талаштар Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү
жана консультацияларды жүргүзүү жолу аркылуу чечилет.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-
нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
18-статья.
Бул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлдү, кол коюлган күндөн
баштап убактылуу колдонулат жана Макулдашуу күчүнө кириши үчүн керектүү
мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Тараптар жазуу
жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алгандан кийин күчүнө кирет.
Бир Тарап экинчи Тараптын бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу
жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан баштап алты ай өткөндөн
кийин, бирок Макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан финансылык жана башка
милдеттемелер жөнгө салынгандан кийин гана бул Макулдашуу өзүнүн колдо-
нулушун токтотот.
Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда эки түп нускада, ар бири
кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей
күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо пикир келишпестиктер келип
чыкса, Тараптар Макулдашуунун орус тилиндеги текстине кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.