Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2005-жылга Техникалык кызматташтык жөнүндө Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу (Кыргыз Республикасынын менен ратификацияланган)
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-июлунда №110 Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
2006-жылдын 4-сентябры
2005-жылга Техникалык кызматташтык жөнүндө Германия
Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү,
Германия Федеративдүү Республикасы менен Кыргыз Республикасынын
ортосунда түзүлгөн достук мамилелердин рухунда аракеттенүү менен,
өнөктүк техникалык кызматташтык аркылуу ушул достук мамилелерди
чыњдоону жана терењдетүүнү каалоо менен,
ушул мамилелерди кармап туруу, ушул Макулдашуунун негизинде жат-
кандыгын сезе билүү менен,
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым ко-
шууга ниеттенүү менен,
2005-2005-жылдарда өнүктүрүү максаттары үчүн кош тараптуу кызмат-
таштык жөнүндө Германия Федеративдүү Республикасы менен Кыргыз Респуб-
ликасынын ортосундагы өкмөттөр аралык кош тараптуу сүйлөшүүлөрдүн
2005-жылдын 31-августундагы жыйынтыктоочу протоколуна шилтеме жасоо ме-
нен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья
(1) Техникалык кызматташтык жөнүндө Германия Федеративдүү Респуб-
ликасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Макулдашууну аткаруу
үчүн, эгерде тиешелүү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аларды ишке ашы-
руу үчүн каражаттарды бөлүүнүн максатка ылайыктуулугу белгиленсе,
төмөндөгү долбоорлорго субсидия берилет:
1. "Жеке менчик экономиканы өндүрүүгө көмөк көрсөтүү" (уландысы;
2005-2006-жылдарда өнүктүрүү максаттары үчүн өкмөттөр аралык кош тарап-
туу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун 4.2.1-пункту.) 1000000
(жазуу менен: бир миллион) еврого чейин;
2. "Рыноктун керектөөлөрүнө багытгалган кесиптик кайра даярдоо
тармагына колдоо көрсөтүү" (уландысы; 2005-2005-жылдарда өнүктүрүү мак-
саттары үчүн өкмөттөр аралык кош тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу
протоколунун 4.2.2-пункту) 900000 (жазуу менен тогуз жүз мињ) еврого
чейин;
3. "Айылдык региондордо кредиттөө системасын түзүү" (долбоордон
кийинки колдоо көрсөтүү; 2005-2006-жылдарда өнүктүрүү максаттары үчүн
өкмөттөр аралык кош тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун
4.2.3-пункту) 400000 (жазуу менен: төрт жүз мињ) еврого чейин;
4. "Товардык жана сервистик кооперативдерди өнүктүрүүгө көмөк
көрсөтүү (уландысы; 2005-2006-жылдарда өнүктүрүү максаттары үчүн
өкмөттөр аралык кош тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун
4.2.4-пункту) 1300000 (жазуу менен бир миллион үч жүз мињ) еврого че-
йин;
"Техникалык кызматташтыктын изилдөөлөр жана адистер фонду" (алма-
шууну көбөйтүү; 2005-2006-жылдарда өнүктүрүү максаттары үчүн өкмөттөр
аралык кош тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун
4.5.5-пункту) 400000 (жазуу менен: төрт жүз мињ) еврого чейин.
(2) Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү ушул статьянын
1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу максатында өзүнүн эсе-
бинен персоналды жана буюм заттарын, ошондой эле зарыл учурда жалпы
суммасы 4000000 (жазуу менен: төрт миллион) еврого барабар кайтарылгыс
каржылык салымдарды берет. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн дол-
боорлор боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууну ал Эшборн шаарындагы Гер-
мандык техникалык кызматташтык коомуна (ГТЦ) тапшырат.
(3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү долбоорлорду
үзгүлтүксүз ишке ашыруу максатында ушул статьянын 1-статьясында
көрсөтүлгөн долбоорду жүзөгө ашыруу учун зарыл болгон өзүнүн милдеттен-
мелерин аткарууну өзү ыйгарым -укук берген аткаруучу уюмдар аркылуу ат-
карууну камсыз кылат.
(4) Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча милдеттенмелер
ушул статьянын 1-пунктунда саналып өткөн долбоорлор менен алмаштырылышы
мүмкүн.
(5) Эгерде ушул Макулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөн аткаруучу
жана зарыл учурда каржылык контракттар ушул милдеттенмелер күчүнө кир-
ген жыл аяктагандан кийин сегиз жылдык мөөнөттө түзүлбөсө, ушул стать-
янын 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлор жана ушул Макулдашуунун
2-статьясында техникалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн каралган
суммаларды берүү боюнча милдеттенмелер өзүнүн күчүн жоготот, башкалар
менен алмаштырылбайт. Ушул жылы кабыл алынган милдеттенмелерге карата
ушул мөөнөт, ушул статьянын 4-пунктунун жоболоруна карабастан,
2013-жылдын 31-декабрына карата аяктайт. Эгерде жогоруда аталган
мөөнөттө кол коюлган аткаруучу жана зарыл учурда каржылык контракттар
тарабынан ушул милдеттенмелердин бир бөлүгү гана камтылса, анда жогору-
да аталган мөөнөттү узартуу, сумманын ушул контракттар тарабынан
өздөштүрүлбөгөн бөлүгүнө гана жайылтылат.
2-статья
1-статьянын 1-пунктунда камтылган долбоорлордун, аткарылууга тийиш
болгон жумуштардын жана милдеттенмелердин ар кыл жактары аткаруучу жана
зарыл учурда ГТЦ жана аткаруучу уюмдардын ортосунда түзүлгөн каржылык
контракттар менен жөнгө салынат. Ушундай аткаруучу жана зарыл учурда
каржылык контракттарга карата Германия Федеративдүү Республикасында
күчүндө болгон жыйымдар колдонулат.
3-статья
(1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун 1-статьясынын
1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн Германия Федера-
тивдүү Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы жана анын эсебинен
жөнөтүлгөн материалдарды, автомобилдерди, буюмдарды жана жабдууларды,
ошондой эле запастык тетиктерди лицензиялык, бажылык, импорттук, экс-
порттук, порттук жана башка жыйымдардан, анын ичинде аларды кампаларда
сактоого кеткен чыгашалардан бошотот жана аларды токтоосуз түрдө бажы-
лык жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
(2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германдык техникалык кызматташ-
тык коомун (ГТЦ) ушул Макулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөн аткаруучу
жана зарыл учурда каржылык контракттарды түзүүгө жана аткарууга байла-
ныштуу Кыргыз Республикасында алынуучу ар кандай салыктардан жана мам-
лекеттик башка жыйымдардан бошотот. Аталган жыйымдардан бошотуу Кыргыз
Республикасында сатылып алынган материалдарга да жайылтылат.
4-статья
Калган учурларда ушул Макулдашууга карата ушул Макулдашуунун
1-статьясынын 1-пунктунда айтылган техникалык кызматташтык жөнүндө
1998-жылдын 31-мартындагы Макулдашуунун жоболору жайылтылат.
5-статья
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу талаш ма-
селелер Тараптар ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу че-
чилет.
6-статья
Ушул Макулдашуу качан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германия Феде-
ративдүү Өкмөтүнө Макулдашууга кирүү үчүн ички мамлекеттик шартгар ат-
карылгандыгы жөнүндө билдирилгенден кийин кол коюлган учурдан тартып
күчүнө кирет. Билдирүү келип түшкөн күн чечүүчү дата болуп саналат.
2006-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарында ар бири немец жана орус
тилиндеги эки нускада жазылды, мында эки текст тењ бирдей күчкө ээ бо-
лот.
Германия Федеративдүү Кыргыз Республикасынын
Республикасынын Өкмөтү Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Федеративной Республики Германия о техническом сотрудничестве от 31 марта 1998 года город Бонн (…Соглашение · 31.03.1998
- Бишкек шаарында 2006-жылдын 4-сентябрында кол коюлган 2005-жылга техникалык кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын…Закон · 30.07.2007 · № 110