Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнаштарын түзүү жөнүндөгү Макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган)
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-июлундагы №105 Мыйзамы менен ратификацияланган
Сеул шаары
2006-жылдын 11-июлу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнаштарын түзүү жөнүндөгү
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү жана Корея Республикасынын Өкмөтү,
1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык
жарандык авиация жөнүндө конвенциянын принциптерин жана нормаларын же-
текчиликке алышып,
алардын тиешелүү аймактарынын ортосунда жана алардан сырткары аба
катнашын түзүү максатында макулдашуу түзүүнү каалоо менен төмөнкүлөр
жөнүндө макулдашты:
1-статья. Аныктама
Ушул Макулдашуу үчүн эгер контекстте кандайдыр бир башка нерсе ка-
ралбаса, төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
(а) "конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу
үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны түшүндүрөт
жана ушул Конвенциянын 90-статьясына ылайык кабыл алынган тиркемени,
ошондой эле 90 жана 94-статьяларга ылайык кабыл алынган ушул тиркемеге
же Конвенцияга ар кандай өзгөртүүлөрдү камтыйт, анткени бул тиркемелер
жана өзгөртүүлөр макулдашуучу эки тарап үчүн жарактуу;
(б) "авиациялык бийликтер" термини Кыргыз Республикасына карата
Транспорт жана коммуникациялар министрин, ал эми Корея Республикасына
карата Курулуш жана транспорт министрлигин, же эки учурда тењ азыркы
учурда аталган авиациялык бийликтер тарабынан аткарылуучу милдеттерди
аткарууга ыйгарым укук берилген ар кандай башка адамды же органды бил-
дирет;
(в) "аймак" термини "Мамлекетке карата көз карандысыз, сюзерендик
мамлекеттеги ушул Мамлекеттин коргоосундагы же мандатындагы жер жана
ага чектеш суу аймактарын билдирет;
(г) "аба катнаштары", "эл аралык аба катнаштары", "авиакомпания"
жана "коммерциялык эмес максатта токтоо" терминдери Конвенциянын
96-статьясында аларга берилгендерге ылайык мааниге ээ болот;
(д) "дайындалган авиакомпания" термини Макулдашуучу тараптын бири
дайындап, ал жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун
3-статьясына ылайык жазуу жүзүндө билдирген авиакомпанияны түшүндүрөт;
(е) "көлөм" термини:
- аба кемесине карата берилген маршруттагы же маршруттун
бөлүгүндөгү ушул самолетту пайдалуу коммерциялык жүктөөнү түшүндүрөт;
- келишимдик линияларга карата маршрут же маршруттун бөлүгү боюнча
убакыттын белгилүү мезгилинде ушул самолеттун учууларды аткаруу жышты-
гына көбөйтүлгөн, ушундай линияда пайдаланылуучу аба кемесинин сыйымду-
улугун билдирет;
(ж) "ташуу" термини жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны ташууну
түшүндүрөт;
(з) "тариф" термини жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга төлөнүүчү
ставкаларды, ошондой эле почтаны ташуу баасын жана шарттарын кошпогондо
Агенттик жана башка кошумча кызматтарды көрсөтүү ставкаларын жана шарт-
тарын камтуу менен ушул ставкалар колдонулуучу шарттарды түшүндүрөт;
(и) "тиркеме" термини ушул Макулдашууга тиркемени же ушул Макулда-
шуунун 17-статьясынын жоболоруна ылайык киргизилген түзөтүүлөрдү
түшүндүрөт. Бул Тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсеп-
телет жана Макулдашууга бардык шилтемелер макулдашылгандардан башка
Тиркемеге шилтемелерди камтыйт.
2-статья. Укуктарды берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Ма-
кулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн расписание жана маршрут боюнча Эл
аралык аба катнаштарын түзүү максатында ушул Макулдашууда каралган
укуктарды берет. Мындай катнаштар жана маршруттар мындан ары тиешелүү
түрдө "келишимдик линиялар" жана "белгиленген маршруттар" деп аталат.
Ар бир Макулдашуучу тарап дайындаган жана белгиленген маршрут боюнча
аба катнашуусун ишке ашыруучу авиакомпания төмөнкү укуктарды пайдала-
нат:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагынан конбостон учуп өтүү;
б) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына Тиркемеде белгиленген
пункттарда коммерциялык эмес максаттарда конуу;
в) ушул Макулдашуунун Тиркемесинде аныкталгандай белгиленген марш-
руттардын каалаган пунктунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны алуу
жана түшүрүү.
2. Ушул статьянын 1-пункту бир Макулдашуучу тараптын дайындалган
авиакомпанияларына башка Макулдашуучу тараптын аймагында жүргүнчүлөрдү.
жүктөрдү жана почтаны алууга (эгерде алар акыга же жалданма түрдө башка
Макулдашуучу тараптын аймагындагы пунктка алынып баратса) привелегия
берилет деп каралбасын.
3-статья. Авиакомпаниялардын дайындалышы
1. Ар бир Макулдашуучу тарап белгиленген маршрут боюнча келишимдик
линияларды пайдалануу максатында бир же андан көп авиакомпанияларды да-
йындоого укуктуу. Авиакомпанияны дайындаганы жөнүндө Макулдашуучу тарап
жазуу жүзүндө экинчи Макулдашуучу тарапка билдирет.
2. Мындай билдирүүнү алгандан кийин экинчи Макулдашуучу тарап ушул
Статьянын 3 жана 4-пункттарына ылайык кечиктирбестен дайындалган авиа-
компанияга учууга тиешелүү уруксат берет.
3. Бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулда-
шуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынан эл аралык аба линияларын
пайдаланууда ушул бийликтер тарабынан адатта колдонулуучу мыйзамдарда
жана эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарды аткарууга жөндөмдүү экенине да-
лилдөөлөрдү талап кылышы мүмкүн.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап авиакомпаниянын дайындоосун кабыл
алуудан баш тартууга же ушул Статьянын 2-пунктуна ылайык учууга уруксат
берүүдөн баш тартууга, же ушул авиакомпанияга артыкчылыктуу ээлик кылуу
жана чыныгы контроль ушул авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тарап-
ка же анын жарандарына таандык болгонуна аталган Макулдашуучу тарап ка-
нааттанбаган ар кандай учурда ушул Макулдашуунун 2-статьясында белги-
ленген укуктарды дайындалган авиакомпания пайдаланууда ал зарыл деп
эсептеген шарттарды аткарууну талап кылууга укуктуу.
5. Демек, ушул Статьянын 2-пунктуна ылайык дайындалган жана ыйга-
рым укук берилген авиакомпания келишимдик линияларды пайдаланууну баш-
тай берсе болот, анткени ташуулардын көлөмү 6-статья менен жөнгө салы-
нат, ал эми ушул Макулдашуунун 8-статьясынын жоболоруна ылайык белги-
ленген тариф колдонууга киргизилген.
4-статья. Иш-аракетти жоюу же токтотуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап дайындалган авиакомпания тарабынан
экинчи Макулдашуучу тарапка берилген, ушул Макулдашуунун 2-статьясында
көрсөтүлгөн укуктарды пайдаланууну токтотууга же учууга берилген урук-
сатты жокко чыгарууга, же берилген укуктарды пайдаланууда ал зарыл деп
эсептеген төмөнкүдөй шарттарды аткарууну талап кылууга укуктуу:
а) эгер ушул авиакомпанияга артыкчылыктуу ээлик кылуу же чыныгы
контроль Макулдашуучу тарапка же анын жаранына таандыктыгына ал канаат-
танбаган ар кандай учурда, же
б) эгер ушул авиакомпания ушул укуктарды берүүчү Макулдашуучу та-
раптын мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаган учурда, же
в) эгер авиакомпания кандайдыр бир башкача түрдө ушул Макулдашууда
көрсөтмө берилген шарттарды сактабаган учурда.
2. Эгер ушул Статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттардын аткары-
лышын жокко чыгаруу, токтотуу же талап кылуу боюнча кечиктирилгис
иш-аракет мыйзамдарды жана эрежелерди андан ары бузууну алдын алуу үчүн
зарыл болуп эсептелбесе; анда мындай укук ар бир Макулдашуучу тарап та-
рабынан экинчи Макулдашуучу тарап менен консультация жүргүзгөндөн кийин
гана пайдаланылат.
5-статья. Мыйзамдарды колдонуу
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын мыйзамдары жана эрежелери биринчи
Макулдашуучу тараптын аймагына келүү, токтоо, жөнөө жана аймагынын
үстүнөн учуп өтүү учурунда экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы
дайындаган аба кемелерин навигациялоого жана пайдаланууга колдонулат.
2. Ар бир Макулдашуучу тараптын анын аймагына келүүчү же кетүүчү
жүргүнчүлөргө, экипаждарга, жүктөргө тиешелүү мыйзамдар жана эрежелер,
айрым алганда паспорттук, бажылык, валюталык жана санитариялык-каран-
тиндик формалдуулуктарды жөнгө салуучу эрежелер экинчи Макулдашуучу та-
рап тарабынан дайындалган авиакомпаниянын аба кемесинде ушул Макулдашу-
учу тараптын аймагына келүүчү же аймагынан кетүүчү жүргүнчүлөргө, эки-
паждарга, жүктөргө жана почтага колдонулат.
6-статья. Сыйымдуулук
1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларына тие-
шелүү аймактардын жана алардын чегинен сырткаркы аймактардын ортосунда-
гы белгиленген маршруттар боюнча келишимдик линияларды пайдалануунун
акыйкат жана бирдей мүмкүнчүлүктөрү берилет.
2. Келишимдик линияларды пайдаланууда ар бир Макулдашуучу тараптын
дайындалган авиакомпаниялары ошол эле маршрут же анын бөлүгү боюнча
авиалинияны пайдалануучу экинчи авиакомпаниянын ташууларына зыян кел-
тирбес үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын
кызыкчылыктарын көњүлгө алат.
3. Ар кандай белгиленген маршрут боюнча бир Макулдашуучу тараптын
дайындалган авиакомпаниясы аткаруучу ташуулардын көлөмү экинчи Макулда-
шуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы аткаруучу ташууларынын көлөмү
менен бирге белгиленген маршрут боюнча аба ташууларында коомдук муктаж-
дыктарга алгылыктуу катышта ылайык келет.
4. Ушул Статьянын мурунку пункттарында көрсөтүлгөн принциптерди
пайдалануу менен келишимдик линияларды тейлөөчү дайындалган авиакомпа-
ниялардын ар бири каалаган Макулдашуучу тараптын аймагында башталып жа-
на экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында аяктоочу ташууларда мүмкүн
болгон муктаждыктарга жооп берген жүктөөнүн мүмкүн болгон коэффициенти
учурунда ушундай көлөмдө камсыз кылуунун биринчи кезектеги милдети ка-
тары болот.
5. Жүктөлгөн же түшүрүлгөн жүктү экинчи Макулдашуучу тараптын ай-
магына авиакомпания тарабынан дайындалбаган Мамлекеттин аймагындагы
белгиленген маршруттагы пункттан (пунктка) жеткирүү кошумча мүнөзгө ээ
болот. Экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жайгашкан көрсөтүлгөн
маршрут боюнча пункттардын жана үчүнчү өлкөдөгү пункттардын ортосундагы
мындай ташууну ишке ашыруу укугу эл аралык аба транспортун мыйзам че-
немдүү өнүктүрүү кызыкчылыгында төмөнкүдөй тартипте, көлөмдө жана тө-
мөнкүлөргө ылайык жүргүзүлөт:
а) авиакомпания дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагына(нан)
жүргүзүлүүчү ташуулардын талаптарына;
б) учуп өтүүчү маршруттар жаткан өлкөнүн же региондун талаптарына
ылайык, ички жана регионалдык аба ташууларды эске алганда; жана
в) конуусуз тейлөө талаптарына.
7-статья. Статистикалык маалыматтарды берүү
1. Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу
тараптын авиациялык бийликтерине алардын талабы боюнча биринчи Макулда-
шуучу тараптын авиакомпаниясы дайындаган келишимдик линияларда аткары-
луучу ташуулардын көлөмүн кароо максатында акылга сыярлык талап кылыны-
шы мүмкүн болгон мезгилдүү же башка статистикалык маалыматтарды берет.
Мындай маалыматтар келишимдик линияларда ушул авиакомпаниялар ишке
ашырган ташуулардын санын аныктоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматты,
ошондой эле ушундай ташуулардын башталышын жана багытын камтыйт.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн дайындалган авиакомпаниясына
күн мурунтан экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине та-
рифтердин, расписаниелердин, алардын ар кандай өзгөрүүлөрүн камтуу ме-
нен көчүрмөлөрүн жана ар бир белгиленген маршрут боюнча ташуулардын
көлөмү жөнүндө маалыматтарды жана ар кандай кошумча маалыматтарды кам-
туу менен келишимдик линияларды пайдаланууга карата каалаган башка тие-
шелүү маалыматтарды берүүгө милдеттендирет, ал ушул Макулдашуунун та-
лаптары тиешелүү түрдө сакталышын аныктоо үчүн экинчи Макулдашуучу та-
раптын авиациялык бийликтерине керек болушу мүмкүн.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн дайындалган авиакомпаниясын
экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине жөнөтүү жана келүү
пункттарын көрсөтүү менен бирге келишимдик линиялар боюнча аткарылган
ташууларга карата статистикалык маалыматтарды берүүнү милдеттендирет.
8-статья. Тарифтер
1. Бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы тарабынан экинчи Ма-
кулдашуучу тараптын аймагына же аймагынан ташыгандыгына алынуучу тариф-
тер пайдаланууга кетүүчү чыгымдарды, мүмкүн болгон пайданы, тейлөөнүн
мүнөзүн (ылдамдыктын стандарттарын жана жайгаштырылышын) камтып, бардык
тиешелүү факторлорду жана белгиленген маршруттун каалаган бөлүгүндөгү
башка авиакомпаниялардын тарифтерин эске алуу менен мүмкүн болгон
дењгээлде белгилениши керек.
2. Ушул Статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтер эки Макулдашуу-
чу тараптын тењ тиешелүү дайындалган авиакомпанияларынын ортосундагы ар
бир белгиленген маршруттарга же алардын бөлүктөрүнө карата мүмкүнчүлүк-
кө жараша макулдашылышы керек жана мындай макулдашууга, эгер ал мүмкүн
болсо Аба Транспортунун Эл аралык Ассоциациясынын (ИАТА) процедураларын
колдонуу жолу менен жетишилет.
3. Ушундайча макулдашылган тарифтер аларды киргизүүнүн болжолдо-
нуучу датасына чейин алтымыш (60) күн мурун эки Макулдашуучу тараптын
тењ авиациялык бийликтеринин жактыруусуна берилет. Өзгөчө учурларда бул
мөөнөт өз ара макулдашуу боюнча кыскартылышы мүмкүн.
4. Мындай жактыруу шашылыш тартипте да берилиши мүмкүн; эгер ушул
Статьянын 3-пунктуна ылайык тарифтерди берген датадан баштап отуз (30)
күндүн ичинде авиациялык бийликтердин бири да жактыруу бербегендигин
билдирбесе, бул тарифтер жактырылды деп эсептелет. 3-пунктта
көрсөтүлгөндөй документ берилүүгө тийиш болгон мөөнөт кыскарган учурда
авиациялык бийликтер ар кандай макул эместиктер туюнтулушу мүмкүн бол-
гон мөөнөт отуз (30) күндөн аз болушун макулдаша алышат.
5. Эгер тарифтер ушул Статьянын 2-пунктунун жоболоруна ылайык ма-
кулдашылышы мүмкүн эмес болсо же эгерде ушул Статьянын 4-пунктунда
көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде авиациялык бийликтердин бири кайсыл бир
макулдашылган тариф менен өзүнүн макул эместиги жөнүндө экинчи авиация-
лык бийликтерге билдирсе, ушул Статьянын 3-пунктуна ылайык, анда эки
Макулдашуучу тараптын тењ авиациялык бийликтери өз ара макулдашуу жолу
менен тарифтерди белгилөөгө аракеттенүүлөрү керек.
6. Эгер авиациялык бийликтер ушул Статьянын 3-пунктуна ылайык каа-
лаган тарифти кабыл алуу боюнча макулдашууга жетише апышпаса же ушул
Статьянын 7-пунктуна ылайык аныктай албаса, анда пикир келишпестик ушул
Макулдашуунун 15-статьясынын жоболоруна ылайык жөнгө салынууга тийиш.
7. Ушул Статьянын жоболоруна ылайык белгиленген тарифтер жањылары
белгиленгенге чейин күчүндө калат. Бирок, ушул пунктка ылайык тарифтер-
дин колдонулуу мөөнөтү (12) он эки айдан ашык мөөнөткө узартылбоого
тийиш, андан кийин алар жараксыз деп табылат.
9-статья. Коммерциялык иш-аракет
1. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына келишим-
дик линияларды пайдаланууну камсыздоо үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын
аймагына келүү, жашоо жана иштөө жөнүндө мыйзамдарга жана эрежелерге
ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында зарыл болгон администра-
тивдик, коммерциялык жана техникалык персоналы менен өзүнүн өкүлчүлүгүн
ачууга укук берилет.
2. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Ма-
кулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында өздөрүнүн ташуу документте-
рин пайдалануу менен авиаташууларын өз алдынча сатууга жана ушул экинчи
Макулдашуучу тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык аларды сатуу
боюнча агенттерди дайындоого укуктуу болот.
10-статья. Кирешелерди которуу
Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган
авиакомпаниясына Макулдашуучу тараптардын ошол учурдагы колдонулуп жат-
кан валюта алмашуу эрежелерине жана мыйзамдарына ылайык каалаган эркин
өтүмдүү валютада, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташууга байла-
ныштуу биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында авиакомпания тарабынан
алынган кирешенин чыгашадан ашкан суммасын которуу укугун берет.
11-статья. Бажы жыйымдарынан жана башка ушундай алымдардан бошотуу
1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларынын Эл
аралык линияларда пайдаланылуучу аба кемелери, ошондой эле алардын
борттук жабдуулары, запастык бөлүктөрү, май жана майлоочу материалдарды
ташуу, ошондой эле ушундай кеменин бортундагы борттук запастары (та-
мак-аш, суусундуктар, тамеки буюмдары) экинчи Макулдашуучу тараптын ай-
магына келгенде мындай жабдуулар жана запастар аларды кайра алып кет-
кенге чейин аба кемесинин бортунда болгон шартта ар бир Макулдашуучу
тараптын мыйзамдарынын жана эрежелеринин колдонуудагы жоболоруна ылайык
бардык бажылык пошлиналардан, инспекциялык жыйымдардан жана башка ушул
сыяктуу сарптоолордон бошотулат.
2. Тейлөө үчүн тиешелүү сарптоолорду кошпогондо ар бир Макулдашуу-
чу тараптын аймагында колдонулуучу мыйзамдардын жана эрежелердин жобо-
лоруна ылайык жыйымдардан, пошлиналардан жана башка салыктардан
төмөнкүлөр да бошотулат:
а) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуучу тараптардын компетенттүү бий-
ликтери белгилеген лимиттин чегинде Макулдашуучу тараптардын биринин
аймагында бортко алынган жана экинчи Макулдашуучу тараптын келишимдик
линиясында пайдаланылуучу кеменин бортунда пайдалануу үчүн арналган
борттук запастар:
б) кыймылдаткычтарды кошкондо, экинчи Макулдашуучу тараптын дайын-
далган авиакомпанияларынын келишимдик линияда пайдаланылуучу аба кеме-
син кармоо же ремонттоо үчүн Макулдашуучу тараптын биринин аймагына
алып келинген запастык бөлүктөр;
в) аба кемесин жабдуу жана экинчи Макулдашуучу тараптын дайындал-
ган авиакомпаниясы тарабынан макулдашылуучу тейлөө боюнча аны пайдала-
нуу үчүн арналган май, майлоочу материалдар жана керектелүүчү техника-
лык шаймандар, ал түгүл бул шаймандар Макулдашуучу тараптын бортко
алынган аймагындагы маршрут участкасында пайдаланылып калышы мүмкүн.
Ушул пункттун а), б) жана в) пунктчаларында саналган материалдар
талап боюнча бажы бийликтеринин контролунда же көз салуусунда болушу
мүмкүн.
3. Макулдашуучу тараптын биринин аба кемесинин бортундагы матери-
алдар жана запастар сыяктуу эле табелдик жабдуулар, муну экинчи Макул-
дашуучу тараптын бажы бийликтеринин жактыруусу менен гана экинчи Макул-
дашуучу тараптын аймагына түшүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда алар кайра алы-
нып кеткенге же бажы эрежелерине ылайык башка багыт алганга чейин эс-
кертилген бийликтердин көз салуусунда жайгаштырылууга тийиш.
12-статья. Авиациялык коопсуздук
1. Макулдашуучу тараптар жарандык авиациянын коопсуздугун коргоо
боюнча алардын милдеттенмелери мыйзамсыз кийлигишүү актыларына ушул Ма-
кулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөөрүн кайрадан ырасташат. Макулдашуучу
тараптар жекече алганда Аба кемесинин бортунда болгон кылмыштар жана
айрым башка актылар жөнүндө 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол ко-
юлган конвенциянын, Аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуу менен күрөшүү бо-
юнча 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган конвенциянын, Жаран-
дык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган актыларга бөгөт коюу бо-
юнча 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган конвенциянын жана
Эл аралык авиакомпаниялар тейлөөчү аэропорттордо күч колдонуунун мый-
замсыз актылары менен күрөшүү боюнча 1988-жылдын 24-февралында Монреал-
да кол коюлган протоколдун же Макулдашуучу тараптар мүчөсү болуучу Ави-
ациялык коопсуздук боюнча ар кандай башка конвенциянын жоболоруна ылай-
ык аракеттенүүгө милдеттенишет.
2. Макулдашуучу тараптар аба кемесин мыйзамсыз басып алуу актысын
жана жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, аба кемесинин, аэропорттордун жана аэ-
ронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка мый-
замсыз актыларды, же жарандык авиациянын коопсуздугуна болгон ар кандай
коркунучтарды болтурбоо максатында бири бирине өтүнүчтөрү боюнча бардык
зарыл болгон жардам көрсөтүүнү камсыз кылышат.
3. Тараптар Эл аралык жарандык авиация уюму белгилеген жана Эл
аралык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенцияга тиркеме катары аталган
авиациялык коопсуздук жөнүндө жобого ылайык бул жоболор Тараптарга кол-
донулуучу дењгээлде иш жүргүзүшөт; алар өздөрү дайындаган аба кемесин
пайдалануучулар же негизги иш жүргүзгөн жери же дайыма болуучу жери
алардын аймагында болгон аба кемелеринин пайдалануучулары жана алардын
аймагындагы аэропорттордун пайдалануучулары авиациялык коопсуздук боюн-
ча ушундай жоболорго ылайык иш жүргүзүүнү талап кылышат.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап 3-пунктка зыян келтирбестен ар кандай
кошумча чараларды көрө алышат, ал болсо жүргүнчүлөрдү, экипажды, алар-
дын кол жүктөрүн, ошондой эле жүктөөрдүн же түшүрөөрдүн алдында само-
леттун жүктөрүн жана запастарын текшерүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл бо-
луп эсептелет. Ар бир Тарап конкреттүү коркунучка байланыштуу коопсуз-
дук чараларын көрүү жөнүндө экинчи Макулдашуучу тараптын ар кандай өтү-
нүчүн жактыруу менен карайт.
5. Аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэро-
порттордун жана аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы ба-
гытталган мыйзамсыз актылар менен байланышкан инцидент же инциденттин
коркунучу орун алган учурда Макулдашуучу тараптар мындай инцидентке же
анын опузасына тез жана коопсуз бөгөт коюу максатында байланыш каражат-
тарынын жардамы же башка тиешелүү чараларды көрүү менен бири бирине
жардам көрсөтүшөт.
6. Эгер Макулдашуучу тараптардын бири авиациялык коопсуздукту кам-
сыз кылуучу ушул Статьянын жоболорунан четтеп кетсе, анда экинчи Макул-
дашуучу тараптын авиациялык бийликтери биринчи Макулдашуучу тараптын
авиациялык бийликтери менен шашылыш консультация сурай алат. Мындай
консультациялар тынчсыздануунун түздөн түз себептерин четтетүү үчүн жа-
на коопсуздуктун тиешелүү шарттарын аныктоо үчүн зарыл болгон ИКАОнун
иш-аракеттеринин коопсуздук стандарттарынын алкагында көрүүгө зарыл
болгон чаралар боюнча макулдашууга жетишүүгө багытталат.
13-статья. Учуулардын коопсуздугу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап каалаган учурунда аэронавигациялык
каражаттарга, учуу экипажына, аба кемесине жана аба кемесин пайдалануу-
га тиешелүү жагдайда экинчи Макулдашуучу тарап сактоочу учуулардын
коопсуздук нормаларына карата консультациялар жөнүндө өтүнүч менен кай-
рылгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде жүргүзүлөт.
2. Эгер ушундай консультациялардын натыйжасында бир Макулдашуучу
тарап экинчи Макулдашуучу тараптын Конвенцияларга ылайык колдонулуучу
Стандарттарга туура келүүчү учуулардын коопсуздук нормаларын сактоону
жана сактоолору үчүн натыйжалуу контролду ушул Статьянын 1-пунктунда
көрсөтүлгөн жагдайларда камсыз кылбай жатканын тапса, ИКАОнун стандарт-
тарын аткаруу үчүн зарыл деп эсептелген ушундай жыйынтыктар жана чара-
лар жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка маалымдалат. Ушундан кийин
экинчи Макулдашуучу тарап макулдашылган мезгил ичинде тиешелүү
түзөтүүчү иш-аракеттерди көрөт.
3. Конвенциянын 16-статьясына ылайык Макулдашуучу тараптар экинчи
Макулдашуучу тараптын аймагына же аймагынан учуу үчүн биринчи Макулда-
шуучу тараптын авиакомпаниясы же анын атынан пайдаланылуучу ар кандай
аба кемеси экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында болуу менен аба кеме-
син пайдаланууда негизсиз кармоого алып келбеген шартта экинчи Макулда-
шуучу тараптын ыйгарым укук берилген өкүлдөрү тарабынан текшерилиши
мүмкүн дегенди макулдашат. Чикаго конвенциясынын 33-статьясында эскер-
тилген милдеттенмелерге карабастан бул текшерүүнүн максаты - аба кеме-
синин тиешелүү документациясынын аныктыгын жана анын экипажынын жана
аба кемесинин жабдуулары менен абалынын ушул учурда Конвенцияга ылайык
аракеттенүүчү Стандарттарга ылайык келишин текшерүү болуп эсептелет.
4. Эгер учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн авиакомпанияга
кечиктирилгис иш-аракеттер зарыл болсо, ар бир Макулдашуучу тарап авиа-
компаниялар же экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы тарабынан
берилген иш-аракеттерди шашылыш токтотууга же пайдаланууга уруксатты
өзгөртүүгө укуктарын сактап калышат.
5. Бир Макулдашуучу тараптын ушул Статьянын 4-пунктуна ылайык кө-
рүлүүчү ар кандай чаралары ушул чараларды көрүү үчүн негиз жок болор
замат токтотулат.
6. Ушул Статьянын 2-пунктуна, эгерде Макулдашуучу тараптардын бири
макулдашылган мезгил аяктагандан кийин ИКАОнун стандарттарын сактабага-
нын уланта бергени аныкталган учурда, бул жөнүндө ИКАОнун башкы катчы-
сына билдирилүүгө тийиш экендиги ылайык келет. Башкы катчыга ошондой
эле проблеманын андан кийинки канааттандыраарлык чечилиши жөнүндө бил-
дирүү зарыл.
14-статья. Консультациялар
1. Ушул Макулдашууну аткарууга таасир этүүчү бардык маселелер бо-
юнча тыгыз байланышты камсыз кылуу үчүн Макулдашуучу тараптардын авиа-
циялык бийликтеринин ортосунда дайыма жана тез-тез консультациялар
жүргүзүлүп турат.
2. Каалаган Макулдашуучу тарап каалаган учурунда экинчи Макулдашу-
учу тараптан жазуу жүзүндө консультация сурай алат. Мындай консультация
ушундай суроо-талапты алган күндөн баштап алтымыш (60) күндүн ичинде
башталат.
15-статья. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Ушул макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча Макулдашуучу та-
раптардын ортосунда талаш-тартыш пайда болгон учурда Макулдашуучу та-
раптар биринчи кезекте аны өз ара сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө ара-
кеттенишет.
2. Эгерде эскертилген бийликтер макулдашууга келише алышпаса, та-
лаш-тартыш каалаган Макулдашуучу тараптын өтүнүчү боюнча үч арбитрден
турган соттун кароосуна берилиши мүмкүн; Макулдашуучу тараптардын ар
биринен бирден арбитр дайындалат, ал эми үчүнчү арбитр эки дайындалган
арбитр тарабынан дайындалат, бирок үчүнчү арбитр бир да Макулдашуучу
тараптын жараны болбоого тийиш. Ар бир Макулдашуучу тарап өз арбитрин
бир Макулдашуучу тараптын экинчисинен дипломатиялык каналдар боюнча ар-
битражда талаш-тартышты кароого суроо-талапты алган күндөн баштап алты-
мыш (60) күндүн ичинде дайындайт, ал эми үчүнчү арбитр кийинки алтымыш
(60) күндүн ичинде дайындалат. Эгер Макулдашуучу тараптардын бири да
арбитрин көрсөтүлгөн мезгилде дайындай алышпаса, же эгерде үчүнчү ар-
битр көрсөтүлгөн мезгилде дайындалбаса, каалаган Макулдашуучу тарап ар-
битрди же арбитрлерди дайындоо жөнүндө өтүнүчү менен Жарандык авиация-
нын Эл аралык уюмунун Кењешинин президентине кайрыла алат.
3. Макулдашуучу тараптар ушул Статьянын 2-пунктуна ылайык ар кан-
дай убактылуу рекомендацияларды кошкондо каалаган арбитраждык чечимди
аткарууга милдеттенишет.
4. Эгер каалаган Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы
ушул статьянын 3-пунктунун талаптарын аткарбаса, экинчи Макулдашуучу
тарап ушул Макулдашууга ылайык берген каалаган укугун четтетүүгө, жоюу-
га же токтотууга акылуу.
16-статья. Аба транспорту боюнча көп тараптуу конвенцияны колдонуу
Эгер Макулдашуучу тараптардын бири тиркелген маршруттардын распи-
саниесин камтуу менен ушул Макулдашуунун кандайдыр бир жобосун өзгөр-
түүнү кааласа, анда мындай өзгөртүү, эгерде аны Макулдашуучу тараптар-
дын экөө тењ кабыл алса, эгерде 14-статьяга ылайык зарыл болгон кон-
сультациялардан өткөрүлсө, анда дипломатиялык ноталарды алмашуу аркылуу
ырастоодон кийин күчүнө кирет.
17-статья. Түзөтүүлөр
Эгер Макулдашуучу тараптардын бири тиркелген маршруттардын распи-
саниесин камтуу менен ушул Макулдашуунун кандайдыр бир жобосун
өзгөртүүнү кааласа, анда мындай өзгөртүү, эгерде аны Макулдашуучу та-
раптардын экөө тењ кабыл алса, эгерде 14-статьяга ылайык зарыл болгон
консультациялардан өткөрүлсө, анда дипломатиялык ноталарды алмашуу ар-
кылуу ырастоодон кийин күчүнө кирет.
18-статья. Макулдашуунун колдонулушун токтотуу
Каалаган Макулдашуучу тарап каалаган учурунда экинчи Макулдашуучу
тарапка дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун
токтотуу жөнүндө ниетин билдире алат. Мындай маалымдоо ошол эле учурда
Жарандык авиациянын Эл аралык уюмуна жиберилет. Макулдашуунун колдону-
лушу экинчи Макулдашуучу тарап ушундай билдирүүнү алгандан бир жылдан
кийин токтотулат (эгерде көрсөтүлгөн билдирүү ушул мезгил өткөнгө чейин
кайра суралып алынбаса). Экинчи Макулдашуучу тараптын билдирүү алганды-
гы жөнүндө ырасатамасы жок болгон учурда Жарандык авиациянын Эл аралык
уюму билдирүү алгандан он төрт (14) күндөн кийин алынды деп эсептелет.
19-статья. Каттоо
Ушул Макулдашуу жана ага ар кандай түзөтүүлөр Жарандык авиациянын
Эл аралык уюмунда катталат.
20-статья. Күчүнө кириши
Ушул Макулдашуу Тиркемени камтуу менен ар бир Макулдашуучу тарап
тарабынан конституциялык талаптарга ылайык катталууга жана ушул талап-
тар аткарылгандыгын ырастоочу дипломатиялык ноталар алмашылган күндөн
баштап күчүнө кирүүгө тийиш.
Ушуга күбө катары, өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрү тарабынан ыйгарым
укук берилген төмөндө кол коюучу өкүлдөр ушул Макулдашууга кол коюшту.
Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда эки түп нускада кыргыз, ко-
рея, орус жана англис тилдеринде аткарылды, бардык тексттер бирдей
күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Тиркеме
Расписание 1
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-
паниялар) эки багытка тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз аба
катнаштарын аткарууга укуктуу:
| Жөнөтүү пункттары | Аралыктык | Багытталган пункту | Чектен тышкаркы |
| пункттар | пункттар | ||
| Бишкек жана Кыргыз | Үчүнчү | Сеул жана Корея | Үчүнчү |
| Республикасындагы | өлкөлөрдөгү | Республикасындагы | өлкөлөрдөгү |
| башка пункттар | пункттар | башка пункттар | пункттар |
Расписание 2
2. Корея Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-
паниялар) эки багытка тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз аба
катнаштарын аткарууга укуктуу:
| Жөнөтүү пункттары | Аралыктык | Багытталган пункту | Чектен тышкаркы |
| пункттар | пункттар | ||
| Сеул жана Корея | Үчүнчү | Бишкек жана Кыргыз | Үчүнчү |
| Республикасындагы | өлкөлөрдөгү | Республикасындагы | өлкөлөрдөгү |
| башка пункттар | пункттар | башка пункттар | пункттар |
Эскертүү:
1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары маршрутта
аба катнаштарын ишке ашыруу Макулдашуучу тараптардын жөнөтүү пунктта-
рында башталган шартта маршруттун жогоруда көрсөтүлгөн пункттарынын ка-
алаганынан сырткары жүрө алат.
2. Аралыктык пункттар жана чектен тышкаркы пункттар Макулдашуучу
тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен
аныкталууга тийиш.
3. Ортоњку жана соњку пункттар тууралу Макулдашуучу тараптардын
авиациялык бийликтери өз ара сүйлөшүүлөрү зарыл.
4. Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларынын бир та-
раптуу ишмердүүлүгү экинчи Макулдашуучу тараптын уруксаты аркылуу жана
эки Тараптын тењ дайындалган авиакомпанияларынын өз ара макулдашуулары-
нан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Эскертүү: Текст түп нусканын стиилистикасын, пунктуациясына сактоо
менен берилген.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.