# Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин керектөөлөрү үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттар менен жер участокторун акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө Макулдашуу (КР 2007-жылдын 30-июлундагы № 103 Мыйзамы менен ратификацияланган)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин керектөөлөрү үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттар менен жер участокторун акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө Макулдашуу (КР 2007-жылдын 30-июлундагы № 103 Мыйзамы менен ратификацияланган)
- Актынын түрү: Соглашение
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17805/edition/297889/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин керектөөлөрү үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттар менен жер участокторун акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө Макулдашуу (КР 2007-жылдын 30-июлундагы № 103 Мыйзамы менен ратификацияланган) (10.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17805

---

КР 2007-жылдын 30-июлундагы № 103 Мыйзамы менен ратификацияланган

Бишкек шаары

2005-жылдын 10-августу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан

Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын

Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин керектөөлөрү үчүн

Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттар менен

жер участокторун акысыз пайдаланууга

өз ара берүү жөнүндө

МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын

Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар,

- Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин

жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин

жайгашуусуна жана иштөөсүнө тиешелүү шарттарды камсыз кылуу максатында,

- Кыргыз Республикасы Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" турак-жай шаар-

часында жайгашкан, жалпы аянты 531,66 кв. метрди түзгөн № 17 коттеджине

жана аянты 0,17 гектарга барабар болгон жер участогуна менчик укугуна

ээ экендигин эске алуу менен,

- Казакстан Республикасы Астана шаарындагы Дипломатиялык шаарчада

жайгашкан, жалпы аянты 555,9 кв. метрди түзгөн № В-5 коттеджине жана

аянты 0,247 гектарга барабар болгон жер участогуна менчик укугуна ээ

экендигин көњүлгө алып,

төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:

1-статья

Кыргыз Тарабы Казакстан Республикасына Бишкек шаарынын "Ала-Арча"

турак-жай шаарчасында жайгашкан, жалпы аянты 531,66 кв. метрди түзгөн №

17 коттеджин жана аянты 0,17 гектарга барабар болгон жер участогун 49

жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берет.

2-статья

Казакстан Тарабы Кыргыз Республикасына Астана шаарынын Дипломатия-

лык шаарчасында жайгашкан, жалпы аянты 555,9 кв. метрди түзгөн № В-5

коттеджин жана аянты 0,247 гектарга барабар болгон жер участогун 49

жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берет.

3-статья

Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-статьяларында белгиленген жана мындан

ары "кыймылсыз мүлк" деп аталуучу имараттар жана жер участоктору Тарап-

тар тарабынан Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчи-

лигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчили-

гинин керектөөлөрү үчүн пайдалануу максатында өткөрүлүп берилет жана

Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдын 18-апрелиндеги Вена конвен-

циясында белгиленген өкүлчүлүктүн имараттарынын статусуна ээ болушат.

4-статья

Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-статьяларында белгиленген кыймылсыз

мүлк келген мамлекетте алынуучу салыктардын жана жыйымдардын бардык

түрлөрүнөн бошотулат.

5-статья

Кыймылсыз мүлктүн капиталдык жана күнүмдүк оњдоолорун жүргүзүүгө

байланышкан бардык чыгымдарды мындай мүлктү ижарага алуучу Тарап өз

эсебинен жабат жана имарат менен анын тегерегиндеги аймакта орнотулган

бардык техникалык жабдуулардын толуктугу, сактыгы жана оњ абалы үчүн

толук жоопкерчилик тартат, ошондой эле келген мамлекетте колдонулуп

жаткан ченемдерге ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш

тейлөөлөрү үчүн төлөмдөрдү жүргүзөт.

6-статья

Кыймылсыз мүлктү Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасында-

гы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы

Элчилигинин керектөөлөрү үчүн бири-бирине накталай өткөрүп берүү тие-

шелүү адамдардын имараттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү Актыларына кол

коюусу аркылуу ишке ашырылат. Тараптар өткөрүлүп берилип жаткан кыймыл-

сыз мүлккө тиешелүү бардык зарыл документтерди бири-бирине берүүгө мил-

деттенишет.

Тараптар кыймылсыз мүлктү анын ушул Макулдашууга кол коюу учурунда

болгон абалында накталай өткөрүп берүүгө жана Тараптардын, же болбосо,

үчүнчү жактардын эч кандай иш-аракеттери кыймылсыз мүлктүн абалын

түздөн-түз же кыйыр түрдө төмөндөтпөшү үчүн бардык чараларды көрүүгө

милдеттенишет.

7-статья

Тараптар Макулдашууга кол коюлуп жаткан учурда жана кыймылсыз

мүлктү накталай өткөрүп берүү мөөнөтүнүн ичинде алардын өткөрүлүп бери-

лип жаткан кыймылсыз мүлккө карата үчүнчү тараптардын алдында кандай-

дыр-бир милдеттенмелери жок экендигин кепилдейт.

8-статья

Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс

бөлүгү болуп эсептелген атайын протоколдор менен таризделет.

9-статья

Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик

ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу

жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 49 жылдын

ичинде колдонулат. Анын аракети Тараптардын өз ара макулдугу боюнча

узартылышы мүмкүн.

Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун аракетин токтотууга болгон

өзүнүн ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү экинчи Тарапка жөнөтүү

жолу менен бул Макулдашууну денонсирлей алат. Мындай учурда бул Макул-

дашуу Тараптардын бири анын аракетин токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү

билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өз күчүн жоготот.

Бишкек шаарында 2005-жылдын 40-августунда эки нускада, ар бири

кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-

дей күчкө ээ.

Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип

чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын

Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
