# Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 81 "Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 81 "Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14173/edition/1274372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178046.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 81 "Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө" токтому (10.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178046

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы 2023-жылдын 10-августу № 81 Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 12-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин, 2023-жылдын 04-августундагы жана 2023-жылдын 08-августундагы Александровка айыл аймагындагы жыйналыштардын протоколдорунун негизинде

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :

1. Александровка жана Садовое айыл аймактарынын биригүүсүндө Александровка айылы административдик-аймактык борбору болуп көрсөтүлсүн.

2. Александровка айыл аймагындагы айылдардын аталыштары мурункадай калсын:

- Александровка айылы – Александровка айылы;

- Беш-Көрүк айылы – Беш-Көрүк айылы;

- Крупское айылы – Крупское айылы;

4. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.

Төрайым

Давузова М.Ю.
