# Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 83 "Чегерүүлөрдүн кыймылы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 83 "Чегерүүлөрдүн кыймылы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14171/edition/1274358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 83 "Чегерүүлөрдүн кыймылы жөнүндө" токтому (10.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178044

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы 2023-жылдын 10-августу № 83 Чегерүүлөрдүн кыймылы жөнүндө Айылдык кеңештин пландоо-бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Т.Булазованын “Чегерүүлөрдүн кыймылы жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27, 34 беренелерине ылайык

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :

1. Чегерүүлөр жылдырылсын:

- 70111 “Аткаруу жана мыйзамдуулук органдары” бөлүмүнүн 2823 “Соттордун чечимдерин аткаруу” статьясынан 2824 “Резерв фондтору” статьясына 201,8 миң сом;

- 70223 “Жарандык коргоо” бөлүмүнүн 2214 статьясынан – 50,0 миң сом, 2217 – статьясынан – 60,0 миң сом 22221200 “Күнүмдүк чарба максатында колдонуучу буюмдарды жана материалдарды сатып алуу” статьясына – 110,0 миң сом;

- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 3113 “Өсүмдүктөрдү сатып алуу” статьясынан:

- 2222 “Күнүмдүк чарба максатында колдонуучу буюмдарды жана материалдарды сатып алуу” статьясына 200,0 миң сом (таштанды чогултуучу жайды тосууга);

- 3111 “”Башка курулуштарды капиталдык оңдоо” статьясына 300,0 миң сом;

- 70921 “Орто билим” бөлүмүнүн 2221 статьясынан – 1000,0 миң сом, 70629 “ЖКХ” бөлүмүнө 3111 “Башка курулуштарды капиталдык оңдоо” статьясына 1000,0 миң сом;

- 70921 “Орто билим” бөлүмүнүн 2221 статьясынан – 600,0 миң сом, 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 3111 “Башка курулуштарды капиталдык оңдоо” статьясына – 600,0 миң сом;

- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 3111 статьясынан – 1000,0 миң сом 3111 “Башка курулуштарды капиталдык оңдоо” статьясына – 800,0 миң сом;

- “Аппарат, ЖКХ, мектепке чийинки билим, орто билим” бөлүмдөрүнүн бардык статьяларынан өткөрүлгөн тендерлер боюнча калдыктары 993,4 миң сом:

- 71093 бөлүмүнүн 2721 “Социалдык коргоо боюнча жөлөк пул” статьясына – 600,0 миң сом;

- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 3111 “Башка курулуштарды капиталдык оңдоо” статьясына” – 363,4 миң сом;

- “ЖКХ” бөлүмүнүн 2222 “Жабдуулар жана материалдар” статьясына 30,0 миң сом (Беш-Көрүк айылындагы ФАП үчүн)

2. Кыргыз Республикасынын 2016 жылдын 16-майында №60 мыйзамы менен колдонууга киргизилген Бюджеттик Кодексинин 110-беренесинин 2-пунктуна ылайык жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын суммасы 453,1 миң сом деп белгиленсин;

3. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.

Төрайым

Давузова М.Ю.
