# Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан коргоонун бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө 2003-жылдын 8-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол (КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 63 Мыйзамы менен ратификацияланган)

- Толук аталышы: Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан коргоонун бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө 2003-жылдын 8-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол (КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 63 Мыйзамы менен ратификацияланган)
- Актынын түрү: Протокол
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17803/edition/297887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17803.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан коргоонун бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө 2003-жылдын 8-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол (КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 63 Мыйзамы менен ратификацияланган) (23.06.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17803

---

КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 63 Мыйзамы менен ратификацияланган

Минск шаары

2006-жылдын 23-июну

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө

мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан коргоонун

бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө 2003-жылдын

8-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

ПРОТОКОЛ

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттер,

Жамааттык коопсуздук жөнүњдө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин

темир жолдорун техникалык жактан коргоонун бирдиктүү системасын түзүү

жөнүндө 2003-жылдын 28-апрелиндеги макулдашууга (мындан ары - Макулда-

шуу) тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгынан чыгып,

Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-статья.

Макулдашуунун 3-статьясындагы "Россия Федерациясынын Темир жол ас-

керлеринин Федералдык кызматына (Россиянын ТАФК)" деген сөздөр "Россия

Федерациясынын Коргоо министрлигине (Темир жол аскерлеринин командачы-

лыгына)" деген сөздөргө алмашылсын.

2-статья.

Макулдашуунун 4-статьясындагы "Россиянын ТАФКсы" деген сөздөр

"Россия Федерациясынын Коргоо министрлигине (Темир жол аскерлеринин ко-

мандачылыгына)" деген сөздөргө алмашылсын.

3-статья.

Бул Протокол Макулдашуунун 22-статьясында каралган тартипте күчүнө

кирет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда бир нускада орус тилинде тү-

зүлдү. Түп нускасы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчы-

лыгында сакталат, ал ушул Протоколго кол койгон ар бир мамлекетке анык

күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жиберет.

Армения Республикасы үчүн Кыргыз Республикасы үчүн

Белорус Республикасы үчүн Россия Федерациясы үчүн

Казак Республикасы үчүн Тажик Республикасы үчүн
