# Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/177950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14078/edition/1273114/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө" токтому (18.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/177950

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVI сессиясы 2022-жылдын 18-ноябры № 3 Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы ата-энелердин суроо-талаптарын эске алып, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу максатында Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы ата-энелердин суроо-талаптарын эске алып, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн мектепке ашкана курууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтомуна жана “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү Жобого” ылайык Кара-Суу районунун өнүктүрүү фондуна айыл өкмөтүнүн долбоорун киргизүү Сарай айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси Э.Токуровго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык кеңешинин төрагасы

А.Салимов
